Эми биздин иш-чаралар он-лайн формата жүргүзүлөт

Кыргызпатент “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын катышуучулары жана жалпы каалоочулар үчүн тренинг өткөрүүнү улантат. Эми биздин иш-чаралар он-лайн форматта жүргүзүлөт.

Биринчи вебинар 2020-жылдын 26-мартында (бейшемби) саат 15:00 дө Санкт-Петербург шаарындагы «CORE» ийгиликтүү стартабын ишке ашырган спикердин катышуусундагы «Стартап менен аралыктан иштөөнү кантип уюштурса болот» темасында өткөрүлөт. Эксперт өзүнүн стартапты ишке ашыруудагы тажырыйбасы менен бөлүшүп, жаңы рынокко кирүүнүн натыйжалуу моделдери жана куралдары тууралуу айтып берет.

CORE – борборлоштурулган онлайн-платформа. Ал пайдалануучулар үчүн жекече сунуштамаларды иштеп чыгуучу аналитикалык системанын жардамы менен билим берүүчүлүк материалдарды түзүү жана билимди текшерүү кызматын аткарат.

Вебинарга катышуу үчүн:

– Мобилдик телефонуңузга Play market тең ZOOM Clooud Meetings тиркемесин көчүрүңүз;
– Сабактын башталышына 10 минута калганда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу (шилтеме катталган катышуучуларга жиберилет) вебинардык бөлмөгө кирип үндү жана видеонун жүргүзүлүшүн текшериңиз. Үн төмөн тараптагы сол бурчтан күйгүзөсүз (кулакчынды басуу менен). «Катышуучулар» деп жазылган атайын чат жацгаштырылат;
– Катталуу үчүн телефондор: 0550 230 303, 0704 778

Ал эми 2020-жылдын 27-мартында (жума) 14:00 дө баарыңыздарды “Тэкайым” коомдук фондунун стартап боюнча экперти Елена Чинибаеванын катышуусундагы кийинки вебинарга катышууга чакырабыз.

Санкт-Петербургтагы спикер жөнүндө кыскача маалымат:

Сажин Антон Юрьевичhttps://coreapp.ai билим берүүчүлүк онлайн-платформасынын негиздөөчүсү. Долбоор филантроп жана ишкер Рыбаков Игорь Владимирович тарабынан инвестицияланган. Рыбаков фондунун «Улуттук ачык мектеби» программасынын бүтүрүүчүсү, SmartGrid катышуучусу.

«CORE» билим берүү ресурсунун конструктору долбоору 2019-жылы АСИ лидерлик статусун алган.
Россиянын «МИСиС» улуттук изилдөөчүлүк техникалык университетинин онлайн-коммуникация бөлүмүн жана 50дөн ашуун онлайн-курстарды түзгөн openedu.ru, edx.org платформалары үчүн массалык ачык онлайн-курстарын иштеп чыгууну жетектеген.
МТС, Индитекс, Данон, Киви, Волгабас, Стратегиялык демилгелер агенттиги АСИ, Роснано, Россия банкы, «Сирус» борбору, «Россия мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» автономдук коммерциялык эмес уюмуну үчүн билим берүүчүлүк продуктуларын иштеп чыккан.

Билим берүү жаатындагы ишке ашкан негизги долбоорлору:
– Россия банкы жана АСИ үчүн 2018 жана 2019-жылдардагы финансылык отчету – https://finzachet.ru
– Россиянын юристтер ассоциациясы жана АСИ үчүн 2-Юридикалык диктанты.
– Артектеги QIWI үчүн Финбаттл.
– ПМЭФ 2018 Блокчейн зачету – ВЭБ жана «МИСиС» автономдук коммерциялык эмес уюму үчүн.
– «Таза тамактануу А дан Я га чейин» аталышындагы баштапкы мектеп үчүн бүткүл Россиялык социалдык долбоору, 2018-жылы мыкты социалдык долбоор аталган – https://zdorovoe.menu
– PCB санариптик жаңырык үчүн 50 IT-адистер боюнча профилдештирүү.
– Волгабас үчүн пилоттук эмес транспорт боюнча 2017-2018-жылдары «Сирус» инновациялык борборунда 2 билим берүүчүлүк сессиясын өткөргөн.
– CORE платформасынын базасында Мегафон билим берүүчүлүк маркет-плейс ишке киргизилген https://education.megafon.ru

Россиянын өкмөттүк онлайн-билим берүүнү өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана илгерилетүүгө катышкан: заманбап санариптик билим берүү чөйрөсү (ЗСББЧ), ачык билим берүүнүн улуттук платформасы (ББУП).

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.