“Стартап Кыргызстан” сынагынын бардык катышуучулары диагностикалык кароодон өткөрүлдү

2020-жылдын 13-мартында “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын акселерациялык программасынын алкагында ар бир стартап-долбоордун  диагностикалык сессиясы өткөрүлдү.  Атайын диагностикалык кароону өткөрүү үчүн Кыргызпатент  Борбор Азиядагы Америка университетине (БААУ-АУЦА) караштуу “Devcit” маалыматтык технологияларды өнүктүрүү борборунун трекер деп аталган профессионалдык бизнес-консультанттарын кызматташууга тарткан.

Тартипке ылайык, акселераторго стартаптар кандайдыр бир белгилүү болгон өнүгүү этабында келип, диагностикалык кароо долбоордун ошол учурдагы статусун аныктоо жана анын көйгөйүн талдоо үчүн керектелет. Трекерлер менен пикир алышуу стартапчыларга квалификациялуу аналитик менен бирге стратегиялык милдеттерди аныктоо,бизнестеги абалды сырттан кароо, анын көйгөйлөрүн түшүнүү, туура багытка кадам таштап, келечегине көз жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн берди. Сессия бир күн толугу менен өткөрүлүп ар бир катышуучуга 45 минута убакыт бөлүндү. Пикирлешүү учурунда трекерлер суроо узатышып, ар бир стартапчы өзүнүн долбоору, идеясы кайдан жаралгандыгы, кантип ишке ашып жаткандыгы ж.б. жөнүндө маалымат берип, трекерлерден баалуу кеңештерди алышты.

Эң негизгиси, трекерлер стартапчылардын катачылыктарына басым жасашты. Ар бир трекердин милдети катышуучулардын өзүнүн долбоорун өнүктүрүү, чечимдерди кабылдоону ишке ашыруу ыкмаларын издөөгө мажбур кылуу үчүн туура суроолорду берүү болуп эсептелет.  Диагностикалык сессиянын аягында ар бир долбоорго жоопту болгон трекерлер тактикалык милдеттерди коюшту. Мисалга, дал ушул продуктка муктаж болгон кишилер менен 20 жолугушуу өткөрүү жана кардарларды табуу, атандаштарды изилдөө менен бирге продукттун артыкчылыгын аныктоо. Диагностикалык кароонун аркылуу катышуучулар өздөрүнүн долбоорлору боюнча ишинин жыйынтыгын туура баалоого, жетишсиз болгон чектөөлөрдү талдоого  жана табууга болгон керектүү кеңештерди алышты. Анан да стратегиялык жана кыска мөөнөттүү максаттарды түзүүгө жетишишти.

Алдыда дагы бир топ тренингдер өткөрүлөт жана финалдык презентацияга даярдыктар көрүлөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.