“Интеллектуалдык менчик дүйнөсү” аталышындагы ашык эшиктер күнү

Бүгүн, Кыргызпатент Кыргыз-Казак университетинин экономика факультетинин 2-3-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

“Ачык эшиктер күнү” ведомствонун студенттердин интеллектуалдык менчик жана инновациялардын маселелерине кызыкчылыгын артыруу, мындан сырткары экономиканын өнүгүшүнө интеллектуалдык менчик чөйрөсүнүн ролу жана мааниси тууралуу маалыматтандыруу максатында уюштурулган салттуу иш-чараларга айланып баратат.

Иш-чаранын жүрүшүндө интеллектуалдык менчиктин маанисин, анын объектилери: ойлоп табуу, өнөр жай үлгүлөрү жана балдар техникалык чыгармачылыгын колдоо боюнча кенен маалымат берилип, Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Студенттерди “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагы, акселерация программа жана ушул багыттагы сынактардын келечеги кызыктырды.

Жолугушуунун соңунда студенттерге автордук укук жана чектеш укуктар боюнча комикс журналы белекке берилди.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.