sputnik.kg: Кудайбердиева: “StartUP Кыргызстандын” жеңүүчүсү 500 миң сомго чейин грант алат

Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева “StartUP Кыргызстан” сынагы 21-апрель күнү жыйынтыкталарын айтты.

Сынактын жеңүүчүсү 500 миң сомго чейин грант алат. Жеңүүчүлөр бир нече болушу да мүмкүн. Долбоорун ишке ашырууга авторлорго керектүү каражат берүүгө даярбыз. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, стартап деген түшүнүк Кыргызстан үчүн жаңылык экендигине карабастан, жаш муун өзүнүн активдүүлүгүн, кызыгуусун көрсөтүп жатат.

“2019-жылы “StartUP Кыргызстан” деген чоң долбоорду ишке ашырдык. Республикалык конкурска өтүнмө кабыл алуу 1-февралда токтотулду. Жалпы өлкө боюнча 320 долбоор келип түштү. Анын ичинен 30 долбоорду тандап алдык. Бизге келип түшкөн долбоорлордун 30 пайызы өндүрүш тармагына арналган. Андан кийин эле IT, билим берүү, кызмат көрсөтүү, медицина жана агромаданият багытындагы долбоорлор бар. Сынакка келген стартаптарды бул жаатта көптөн бери иштеп жүргөн, тажрыйбалуу 15 кишиден түзүлгөн адистер карап чыгып, мыктыларын тандашты. Сынактын жеңүүчүсү 500 миң сомго чейин грант алат. Алар бир нече болушу да мүмкүн. Долбоорун ишке ашыруусуна керектүү каражатты берүүгө даярбыз. Белгилей кетчү нерсе, ушундай стартап долбоорлорго биринчи жолу мамлекет тарабынан колдоо болуп жатат. Андан сырткары, 30 долбоордун авторлору акселерациялык программалардан өтүп жатышат. Анда алар бизнес-пландоо, питчинг, маркетинг, долбоор түзүү боюнча акысыз окушат. Конкурсту 21-апрель —  Бүткүл дүйнөлүк инновациялык ишмердүүлүк күнү жыйынтыктайбыз”, — деди Кудайбердиева.

Ал 1-октябрда Эркиндик, 58А дарегинде жайгашкан имараттын экинчи кабатында Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачыларын кошумчалады.

https://sputnik.kg/Radio/20200305/1047286559/startap-kyrgyzstan-dolboor-kyrgyzpatent.html

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.