Илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнүнө карата жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 10-февраль күнү Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган жолугушуу болуп өттү.

Илимдеги аялдар менен кыздардын эл аралык күнү илим чөйрөсүндөгү аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздиктин көйгөйүн актуалдаштыруу жана бул маселеге максаттуу көңүл буруу үчүн 2016-жылы Бириккен улуттар уюмуну тарабынан бекитилген.

Иш-чара өздөрүнүн жаш курагына карабастан илимге болгон мүмкүнчүлүктүн теңдиги үчүн келечекке болгон үмүттү жандырган, илимге өз салымын кошо алган аялдар менен кыздардын башын бириктирди.

Иш-чара техникалык иштелмелердин жана долбоордун көргөзмөсү, «Илимдеги аялдар менен кыздар» аталышындагы китеп көргөзмө менен ачылгандыктан алгачкы мүнөттөн тарта эле жылуу, достуктун атмосферасы ээлик кылып турду. Мындай жагдай баардык коноктордун көңүлүн сүйүнтүп, жаш муун үчүн улуу муундун өкүлдөрүнөн сунуш-кеңештерди, баасыз тажырыйба алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, көңүлдүү сезимдерди тартуулады.

Саламдашуу иретинде Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Отунбаева Роза Исаковна, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна, Кыргызпатенттин төрайымы Молдошева Динара Автандиловна сөз сүйлөштү. Алар аялдар менен кыздар илимий жана технологиялык коомдо маанилүү орунду ээлей тургандыгын, алардын катышуусу илим жана гендердик теңчиликти камсыздоодогу турмуштук негизги мааниге ээ экендигин белгилешти. Роза Исаковна илимдеги аялдардын зарылчылыгына көңүл бөлүп, алсыз, бирок күчтүү духка ээ болгон аял затын колдоо керектигине токтолду. Вице-премьер-министр Алтынай Сейтбековна иш-чаранын маанилүүлүгүн эскертип, кийинки жылдан тарта илимдеги аялдар үчүн атайын сыйлык бекитүүгө аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда коноктор үчүн жаш таланттар тарабынан музыкалык номерлер тартууланды. Жалпысынан илим менен алектенген айымдар бир добуштан ушундай көңүл бөлүү үчүн мамлекеттик колдоого чексиз кубанычын, жаш өсүп келе жаткан кыздардын илим чөйрөсүндө өнүгүшүнө дем берген, жолугушуунун жемиштүү жана таанып-билүүчүлүк өзгөчөлүктөрдү өзүнө камтыган программасы үчүн Кыргызпатентке ыраазычылык билдиришти жана келечекте ушул сыяктуу иш-чаралардын өткөрүлүшүн кубаттай тургандыгын айтышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.