Биз өзүбүздүн кызматкерлерди окутуп жатабыз

2020-жылдын 30-январында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун кызматкерлери үчүн “Инкубатор VS Акселератор. Питчинг” темасында практикалык окутуу өткөрүлдү.

Стартаптардын кубаттуулугуна, идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү бир нече механизмдер бар. Алар: акселераторлор, инкубаторлор же технопарктар. Стартаптардын ийгилиги көмөк көрсөтүүнүн туура жолун тандоодон көзкаранды жана зарыл болгон натыйжага жетүү үчүн долбоорлорду колдоонун механизмдеринин айырмачылыктары бар. Дал ушул тууралуу Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун кызматкерлерине «Techaim» коомдук фондунун өкүлү  Елена Чигибаева айтып берди. Катышуучулар инкубаторлор менен акселераторлордун айырмачылыгы, акселераторлордун өзүнчө процедуралары жана өзгөчө тандоо критерийлери боло тургандыгы жөнүндө кенен маалымат алышты. Акселератордун негизги милдети өсүүгө карай  аракеттенүүгө багытталган чекиттик окутуу. А инкубаторлор ишмердигин жаңы баштап жаткан ишкерлерди колдоого , уюштуруучунун спецификасына басым коюу менен ар тараптуу өнүгүүгө багытталган жөнөкөйлөтүлгөн процедураны өзүно камтыйт. Елена Чигибаева ушул мааниде мисал катары IdeaLab, Ubermedia.com, Y Combinator, 500 Startups сыяктуу чоң жана ийгиликтүү бизнес-инкубаторлор жана бизнес-акселераторлор жөнүндө баяндады.

Мындан сырткары  питчинг боюнча маалымат берилип, тренингдин катышуучулары туура питчинг жасоону, алардын түрлөрү, стартап-питчтердин копчүлүк учурдагы катачылыктары, питчинг-ивентти уюштурууну үйрөнүштү. Практикалык тапшырмада катышуучулар бир нече командаларга бөлүнүп, чектелүү убакыттын ичинде Кыргызпатент үчүн акселератордун жана инкубатордун программалырын иштеп чыгышты. Практикалык болүмдүн аягында ар бир команда өздөрүнүн иштерин презентация кылып, бири-бирин толукташты. Жыйынтыгында инновациялык борбордун жумушчу тобу ушундай окутуулардын дагы да уланышына кыздар экенин билдиришти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.