Кыргызпатентте 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Коллегия болуп өттү

2020-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент)  ведомствонун жетекчиси Динара Молдошеванын төрагалыгында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Бекташовдун катышуусу менен Кыргызпатенттин Коллегиясынын кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн отчетторунда Коллегиянын мүчөлөрүнө 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган жумуштар тууралуу маалымат беришти.

Күн тартибине ылайык, автордук сыйакылар боюнча аласа карыздарды чогултуу жана төмөндөтүү, ойлоп табууларга, товардык белгилерге жана башка интеллектуалдык менчик объектилерине түшкөн өтүнмөлөрдү талдоо маселелери каралды.

Иш-чаралардын жалпы санына карата аткарылган иш-чаралардын санынын салыштырмалуу салмагы 79/79ду түздү. Бул ведомствонун отчеттук мезгилдеги Планынын 100%га аткарылгандыгын түшүндүрөт. Интеллектуалдык мекчик объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү жана анын потенциалын күчөтүү, интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укукту алуу жана аны коргоо механизмдерин жакшыртуу боюнча баалоо индикатору максималдуу көрсөткүчтөрдү көргөздү.

Интеллектуалдык менчик объектилерине келип түшкөн өтүнмөлөрдүн динамикасы төмөнкүдөй:

Каттоолордун өткөн жылдарга салыштырмалуу сандык катышы, т.а. товардык белгилер 60%ды, автордук укук объектилери 22%ды, ал эми ойлоп табуулар 5%ды түзөт.

2019-жылы 805 товардык белги катталды. Бул акыркы беш жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч, жыл ичиндеги каттоолордун жалпы санын 61%ынан ашык үлүшүн товардык белгилерди каттоо түздү.

Ойлоп табууларды каттоонун жалпы санынын көбөйүшүнөн жана 20 жылдык жарактуу мөөнөтүн  узактыгынан, мындан сырткары, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө патенттерди күчүндө сактоонун бир аз төмөндөшүнөн патент ээлери үчүн актуалдык эместигине жана ушул объектилерге тиешелүү 8 жана 15 жыл жарактуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу акыркы үч жылда ойлоп табууга болгон патенттерди күчүндө сактоонун өсүшү байкалууда.

Интеллектуалдык менчикти жайылтуу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана маалыматтык технологияларга болгон укуктун ролу биздин ишмердикке да таасирин тийгизет. Автордук укук жана ЭЭМ үчүн программаларды каттоонун өсүшү үч жылдын ичинде тиешелүү 33% жана 26%ды түздү. Маалыматтар базасында каттоонун төмөндөшү циклдык мүнөзгө ээ.

Салттуу билимдерди каттоо  ишенимдүү жана тез ылдамдыкта өсүүдө. 2019-жылы салттуу билимдерди каттоо үч эсеге көбөйдү.

Коллегиянын жүрүшүндө Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева келип түшкөн өтүнмөлөрдүн санынын көбөйүшүнүн зарылчылыгына жана көргөзүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга көңүл бурууну белгиледи. Төрайым интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо берүүгө тиешелүү экспертизанын сапатына болгон талаптар жана жоопкерчиликтер тууралуу эскертип,  интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо деңгээлин жогорулатууга багыттады.

Интеллектуалдык менчикти кенен пайдалануу менен инновациялык ишмердикти активдештирүү Кыргыз Республикасынын экономикасын турукташтыруунун жана өнүктүрүүнүн бирден бир рычагы болуп саналат.  2019-жылдын жыйынтыгы боюнча глобалдык инновациялык индексте Кыргызстан 90-орунду (28.38 балл) алып, 2018-жылга салыштырмалуу төрт пунктка жогорулады. Бул жыл сайын чыгарылуучу рейтинг дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 129 өлкө арасында Корнелль университетине караштуу  Эл аралык INSEAD бизнес-мектеби тарабынан түзүлөт.

Жарандардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктөгү активдүүлүгүн жогорулатуу, инновация жаатындагы ишмердик чөйрөсүн калыптандыруу, Кыргыз Республикасында стартап экосистемасына көмөктөшүү максатында Кыргызпатенттин Коллегиясынын 2019-жылдын 19-июлундагы №31-Токтому менен “Стартап Кыргызстан” жаштар сынагын өткөрүү боюнча Жобо бекитилген. 2019-жылдын 6-августунда Кыргызпатенттин сайтына жана башка социалдык тармактарда сынакты өткөрүү жөнүндө жарыя жайгаштырылды. Азыркы учурда сынакка катышуу боюнча 150дөн ашуун өтүнмө келип түштү. Кабыл алууу 2020-жылдын 1-февралына чейин уланат.

Отурумдун жүрүшүндө Өкмөттүн өкүлү К. Бекташев жалпысынан сапаттуу аткарылган иши үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, башка мамлекеттик органдар арасында мекеме өзгөчө көңүлгө татыктуу экенин, электрондук документ жүргүзүү жана санариптештирүү боюнча алгылыктуу иш жүргүзүлгөнүн белгилеп өттү. Кыргызпатентти инноватика (жаңычылдык) жана жаңы  жетишкендиктер багыттарынын генератору бойдон калуусуна тилектиштигин айтты.

Коллегиянын жыйынтыгында төмөнкү протоколдук тапшырмалар берилди: санариптештирүү боюнча иш алып барууну күчөтүү, анын ичинен Гиперграф (автордук сыйакыларды топтоо жана бөлүштүрүү), өз кезегинде келип түшкөн электрондук форматтагы өтүнмөлөрдүн санынын көбөйүшүн көзөмөлгө алуу, интеллектуалдык менчик жаатында соттук практика боюнча кейстерди кароо практикасын киргизүү, коррупциялык көрүнүштөрдү эскертүү боюнча системалык иш жүргүзүү, кадрдык потенциалды жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу. Ошону менен бирге, инновациялык борборду ачуу иштерин тездетүү, инновацияларды өнүктүрүү боюнча ведомствонун комплекстик милдеттерин ишке ашыруу тапшырмалары коюлду.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.