Кыргызпатенттин кызматкерлери англис тилин окугандыгы тууралуу сертификаттарды алышты

30-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекетик кызматынын (Кыргызпатент) 15 кызматкери АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан уюштурулган “Жаш адистер” программасынын негизинде Англис тили боюнча 100 саат окугандыгын тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.

Сыйлыкты Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева тапшырып, кызматкерлердин чет тилдерин үйрөнүүгө болгон аракетин жогору баалап, дагы да өркүндөтүүгө тилектештигин билдирди.

Кыргызпатенттин кызматкерлери 2019-жылдын ичинде АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин “Жаш адистер” программасынын негизинде жумуштан сырткары жумасына 3 (үч) жолу англис сабагын окуп Elementary деңгээлин бүтүрүштү. Келерки 2020-жылы англис тилинин кийинки баскычын окутуу боюнча АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин “Жаш адистер” программасы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Белгилей кетсек, аталган программа боюнча окутуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.