Кытай Эл Республикасынын патенттик уюмунун Комиссарынын орун басары менен жолугушуу болуп өттү

2019-жылдын 23-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы Динара Молдошованын Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча Улуттук башкармалагынын (CNIPA) Комиссарынын орун басары  Тао Ляо менен болгон жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Интеллектуалдык менчик боюнча Улуттук башкармалагынын (CNIPA) Комиссарынын Бишкек шаарына болгон иш сапары тууралуу талкуулашты. Иш сапардын жүрүшүндө биргеликте интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча семинар өткөрүү пландалууда.  Мындан сырткары, КЭРнын  интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү  “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маселелери талкууга алынып, Динара Молдошева Кыргызпатент аталган демилгени ишке ашырууга бардык тараптан көмөктөшөрүн белгиледи.

Эскерте салсак, ушул жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызпатент жана CNIPA ортосунда эки таптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө  Меморандумга кол коюлган. Товардык белгилер жана географиялык көрсөткүчтөрдөн турган интеллектуалдык менчик объектилери боюнча кызматташтыкты камтуу максатында аталган меморандум түзүлгөн болчу.  Белгилей кетсек, 2017-жылы  товардык белгилерге жана географиялык көрсөткүчтөргө коргоо документтерин берүү боюнча ыйгарым укук башка ведомстволордон  CNIPAга берилген.

Тараптар 2020-жылы 2021-2022-жылдарга ведомстволор аралык иш-чаралар планын бекитүүгө ниеттенип жатышат. Ал иш-чаралар планына CNIPAнын тажырыйбасын эсепке алуу менен Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик обектилерине жана бизнес процесстерди санариптештирүүгө экспертиза жүргүзүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары да кирет.

Мындан сырткары, кытай тарап Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Генералдык директорунун кызматына КЭРнын Өкмөтү тарабынан сунуштаган талапкерин көрсөттү.

Ошондой эле, ушул жылдын 6-декабрында Япония патенттик ведомствосунун делегациясы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү, Япониянын Өкмөтү тарабынан Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Генералдык директорунун кызматына сунушталган талапкерин көрсөтүүнү талкулоо максатында Кыргызпатентке иш-сапары менен келген. Япония патенттик ведомствосунун делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык үчүн өз ара түшүнүшүү жөнүндө ведомстволор аралык Меморандумга кол коюу маселеси тууралуу пикирлешкен.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.