Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин Президиумунун отуруму болуп өттү

2019-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин Президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү.

Күн тартибине ылайык 2019-жылы авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу чөйрөсүндө Кыргызпатенттин бир жылдык отчету берилди. Отчеттук мезгилде автордук сый акыны жыйноо 11 455181 сомду түздү, ошону менен бирге кафе, ресторандар, ТРКлар,  театрлар, концерттер,  соода борборлор, фитнес клубдар, сулуулук салондор боюнча жыйноонун өсүшү + 4,7 % түздү.

Жыл ичинде автордук жана чектеш укуктар объектилеринин колдонуучулары менен 308 лицензиялык келишимдер түзүлүп 2018-жылга салыштырмалуу 6,9% өскөнү белгиленди.

Мамлекеттик реестрге ушул жылы 350 автордук укуктардын объектилери катталган, 2018-жылга салыштырмалуу +9,7% өскөн. Электрондук түрдө өтүнмөлөрдү берүү боюнча 36 өтүнмө катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулаган. Ошондой эле авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууга ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча 75 келишимдер   түзүлгөн.

Күн тартибинин кийинки маселеси идентификацияланбаган, суроо түшпөгөн калем акылардын суммаларын, үч жылдык мөөнөттөн өткөн автордук сый акылардын суммасын авторлор арасында бөлүштүрүү маселеси болду, анда 2 298259 сом сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык бир добуштан мамлекеттик реестрде катталган ата мекендик авторлорго жана аткаруучуларга пропорционалдуу бөлүштүрүү чечими кабыл алынды.

Отурумдун жүрүшүндө ведомствонун адистери Кыргызпатентти санарипке өткөрүүнүн алкагында автордук сый акылар боюнча пайдалануучудан анык отчетторду алуу жана жыйноо, бөлүштүрүү, төлөө процессин автоматташтырууга өткөрүү боюнча укук ээлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартууланган  “Гиперграф” тутуму ишке киргендигин айтышты. Ал система 2020-жылы февраль айынан тарта толук кандуу ишке кирип, авторлор жана укук ээлери автордук сый акыларын кайсы колдонуучулар менен лицензиялык келишим түзүлгөндүгүн, канча акча төлөнгөнүн система аркылуу толугу менен, так  жана таза көрө алышаарын белгилешти.

Ошондой эле Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюумунун Алтын медалын ыйгаруу боюнча талапкерлерди көрсөтүү, Авторлор жана Чектеш укук ээлеринин кеңеши жөнүндө жобонун жаңы редакциясын карап чыгуу маселелери каралды. Натыйжасында аталган жобо бир добуштан бекитилди.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.