Биздин айланабыздагы интеллектуалдык менчик дүйнөсү

“Биздин айланабыздагы интеллектуалдык менчик дүйнөсү” аталышындагы ачык эшиктер күнүн 2019 жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 9 жана 10 класстарынын окуучулары үчүн өткөрдү. Ага 40 ашуун С.Чокморов атындагы№10 кесиптик лицейинин, №94 Тышкы кийим тигүүчү кесиптик лицейинин жана Беш-Күнгөй орто мектебинин окуучулары катышышты.

Иш-чаранын максаты окуучулардын жана студенттердин интеллектуалдык менчикти изилдөөгө көңүлүн буруу жана инновациялык изилдөөлөргө. ойлоп табууга түрткү берүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү, интеллектуалдык менчик тутуму жана түшүнүгү жөнүндө маалымат арттыруучу видеоролик көрсөтүлдү. Кыргызпатенттин кызматкерлери мектеп окуучуларына ылайыкталган жеңил жана жеткиликтүү түрдө маалымат тартуулашты. “ИМ объектилери боюнча саякат” деген темада практикалык сабак өткөрүлүп, катышуучулар берилген мисалдарды талкуулап жана белгилүү болгон үндүү товардык белгилерин тапканга аракет жасашты. Алар ойлоп табуу үчүн эмне керек, ойлоп табуулар кантип пайда болот, кандай кызыктуу ойлоп табуулар бар, ар кандай ойлоп табуучулар бир ойлоп табууну чыгара алабы деген суроолорго жоопторду алышты.

Робототехника боюнча атайын чакырылган окутуучу дизайн жана LEGO аянтчасында программалоо боюнча мастер-класс өткөрдү. Катышуучулар үчүн китепканада экскурсия уюштурулуп, алар ойлоп табуучулардын өмүр жолундагы фактылар жана алардын чыгармачылыгы менен таанышып, китеп жана көркөм көргөзмөлөрүнө күбө болушту.

Иш-чарага жигердүү катышкан окуучуларга “Ойлоп табуулар жана патенттер” китептери жана “Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун комикстери” белек катары тартууланды.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.