Ойлоп табуучулардын Кеңешинин Президиумунун отуруму болуп өттү

2019-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) кезектеги ойлоп табуучулардын Кеңешинин Президиумунун XIII- отуруму болуп өттү.

Отурумдун күн тартибине ылайык, Отурумдун катышуучулары Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулар Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Кыргыз Республикасынын инновациялык ишмердүүлүгү жөнүндө  Мыйзамын  актуализациялоо жана ЕАПУнун  В. И. Блинников атындагы “Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке кошкон салымы үчүн” Алтын медалына талапкерлерди  көрсөтүү жөнүндө маселелерди карашты.

Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулар Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароодо киргизилген өзгөртүүлөр Президиумдун мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды. Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулардын кеңеши ойлоп табуучулардын жана рационализаторлордун укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет. Кеңештин курамында 17 киши бар, аны республикабыздын бардык аймагындагы көрүнүктүү илимдин ишмерлери жана профессорлору камтыйт.

Кыргыз Республикасынын инновациялык ишмердүүлүгү жөнүндө  Мыйзамын  актуализациялоодо катышуучулар Кыргызпатенттин демилгесин колдоо менен, өткөрүлгөн иштер инновациялык системанын өнүгүшү жана келечеги үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилешти.

ЕАПУнун  В. И. Блинников атындагы сыйлыкка талапкерлерди  көрсөтүү жөнүндө маселени кароодо “Ойлоп табуучулук ишмердүүлүгү үчүн” номианциясына М. К. Балтабаевди жана “Патенттик ишке кошкон салымы үчүн” номинациясына И. В. Бочкаревду көрсөтүү чечими бир добуштан кабыл алынды.

Медицина илимдеринин доктору, профессор, КР Саламаттык сактоонун отличниги наамынын ээси М. Балтабаев өз убагында бир катар Эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал практикалык саламаттык сактоого киргизилген 24 патенттин ээси болуп саналат. Жалпыга маалым болгондой, М. К. Балтабаевдин үзүрлүү эмгеги менен псориазды дарылоонун жаңы натыйжалуу ыкмасы, вирустук герпестин инфекциясы жана нейросифилис, атопикалык дерматит, пиодермияны дарылоонун патогенетикалык ыкмасы иштелип чыккан.

Өз учурунда, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу наамынын ээси И. В. Бочкарев КРнын ЖОЖдорунун окуу процессине патенттик ишти үйрөнүү боюнча предметтерди киргизүүнүн демилгечиси болуп саналат жана өзү бул багытта сабак берип келүүдө. Көпчүлүгү өндүрүшкө киргизилген 77 ойлоп табуусунун патенти бар.

Маалымат үчүн:

ЕАПУнун  В. И. Блинников атындагы Алтын медалы менен 2006-2019-жылдардын аралыгында жаратуу, түзүү, ойлоп табуучулук ишмердүүлүктүн өнүгүшүнө жана патенттик ишке кошкон зор салымы үчүн 18 ойлоп табуучу сыйланган.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.