Кыргызстанда регионалдык бренддерди алга илгерилетүү боюнча иш жүргүзүлүүдө

Биринчи жолу Кыргызстандын өкүлү жергиликтүү жамааттардын жана тамырлаш элдердин атынан (өкүлдөрү болгон) ишкерлер-аялдар үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы жумалык практикумга катышты.

Жергиликтүү жамааттардан жана тамырлаш элдерден ишкер-аялдар үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы окутуу жана үйрөтүү боюнча Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) программасына жүздөгөн талапкерлердин ичинен кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, аткаруучулар, изилдөөчүлөр, фермерлер жана башка ишкерлер тандалып алынган. Программа салттуу билимдер жана салттуу маданиятты чагылдырган долбоорлор менен иштеген аялдарга интеллектуалдык менчик укуктарын стратегиялык пайдалануудан пайда табууга көмөктөшүү менен алардын потенциалын бекемдөөгө багытталган.

Бул инновациялык программа ИМБДУнун интеллектуалдык менчиктин жактоосун, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү, туруктуу өнүгүүнү жана гендерлик теңдикти бириктирет. Программага өздөрү жашаган жергиликтүү жааматтын салттуу билимине негизделген кол өнөрчүлүктүн өкүлдөрүнөн турган, дүйнөнүн ар тарабынан 24 ишкер-аял катышты.

Бир жуманын ичинде, 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрү интеллектуалдык менчик укугу тууралуу, мындан сырткары бизнес-моделдер, рынокко жана маданий мурастардын маркетингине болгон стратегиялык мүмкүндүктөр тууралуу маалымат алышты. Алар үчүн өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүү, эксперттерден жана кесиптештерден пикир угуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иш-чара интеллектуалдык менчик жаатындагы стратегияларды иштеп чыгуу жана долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча сессия менен жыйынтыкталды.

Кыргызпатенттин жардамы менен Кыргызстандын атынан практикумга Лейлек районунун килем токуу боюнча чеберлер тобунун лидери Гульнара Дербишева  көп кылымдуу тарыхы бар, дал ошол регионго тиешелүү салттуу килем токуу боюнча долбоору менен катышты.

2020-жылдын январь айынан тарта окутуунун экинчи фазасы башталат. ИМБДУ тарабынан машыктыруучулукка жана насаатчылыкка арналган бул фазада аялдар өздөрүнүн долбоорлорун кайрадан толуктап, иштеп чыгышат.

Азыркы учурда “Лейлек килемдери” брендин илгерилетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Атайын товардык белги иштеп чыгып, Гульнара Дербишева башында турган аялдардын көмөкчү тобу Лейлек килеми үчүн жааматтык патент алуу үстүндө иш жүргүзөт.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин пресс-катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.