Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелери боюнча кыска мөнөтүү окутуу курстарын өткөрдү

2019 жылдын 19-20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелери боюнча кыска мөөнөттүү курстар өткөрүлдү. Окутуу курстун максаты интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо негиздери жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү практикалык билимдер менен  тааныштыруу болуп саналат.

Тренингдин жүрүшүндө интеллектуалдык менчик объектилерин иштеп чыгуудагы жана колдонуудагы өзгөчөлүктөрдү жакшы түшүнүүгө жардам берген интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоо жана сактоо маселелери, ошондой эле улуттук жана эл аралык өтүнмөлөрдү каттого өтүнмөлөрдү берүү таризи каралды. Автордук укуктардагы каракчылык, программалык камсыздоодогу контрафакт жана ак ниетсиз атаандаштыктан интеллектуалдык менчикти коргоо темалары катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун арттырды.

Катышуучулар санариптик чөйрөдө интеллектуалдык менчик тармагындагы каракчылык жана башка укук бузуулар менен байланышкан темалардын актуалдуулугун баса белгилеп, практикалык маселелерди чечишти.  Катышуучулар бул жаатта Кыргызпатент тарабынан өткөрүлгөн лекциялык сабактарды улантууну суранышты.

Кыска мөөнөтүү курска Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, Прокуратура жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясынын жана Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын окутуучулары, Борбор  Азиядагы Америкалык университетинин жана Н. Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенттери, ошондой эле Кыргызпатенттин жаңы кызматкерлери катышты.

Окутуу курстун аягында 34 катышуучуга Кыргызпатенттин тастыктамалары тапшырылды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.