«Тамчылатып суугаруу технологиясы үчүн технологиялык жабдуулардын жергиликтүү үлгүлөрүн жасоо» инновациялык долбоорунун бетачары болуп өттү

2019-жылдын 14-ноябрында «Тамчылатып суугаруу технологиясы үчүн технологиялык жабдуулардын жергиликтүү үлгүлөрүн жасоо» инновациялык  долбоорунун  бетачары болуп өттү. Аталган инновациялык долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) «Мыкты инновациялык долбоор-2016»   конкурсунун жыйынтыгы боюнча тандалып алынып, азыркы учурда иш жүзүнө киргизилди.

Иш-чаранын максаты аталган инновациялык долбоордун жыйынтыгын анын өзгөчөлүгүн, актуалдуулугун көрсөтүп, мындан ары коммерциялаштыруу үчүн ойлоп табуучу менен бизнес-коомчулуктун ортосунда аянтча түзүү болуп саналат. Буга чейин Кыргызпатент тарабынан долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн 700 000 сом берилген.

Долбоор тамчылатып сугаруу технологиясы үчүн жер астындагы сууларды пайдалануу жана иштелип чыккан жергиликтүү технологиялык жабдууларды колдонуу аркылуу, кайрак жерлерди натыйжалуу пайдаланып, ал жерлерде экономикалык кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп, агротехниканы сактап, сугат арыктарын оңдоого кетүүчү каражттарды үнөмдөп, фермердин жашоо шартын жакшырышын жана келечекте Кыргызстандын айыл чарбасы өнүгүшүн шарттаса болот.

Келечекте айыл чарбасы үчүн сугат сууну сарамжалдуу пайдалануу маселесин чечүү жолу болуп тамчылатып сугаруу технологиясын колдонуу саналат. Бул технологиянын аркасы менен учурдагы жана келечектеги суу таңкыстыгын чечип жана жаңы технологиялык деңгээлге чыгып, келечекте өлкөбүздүн азык түлүк коопсуздугун камсыз кылса болот деп эксперттер айтууда.

Кеңири суроо-талапка карабай учурда айыл чарба өндүрүшүнө тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү мүмкүн болбой жатат, мунун себеби болуп, көнүмүш сугат технологиясынан арыла албагандык, жаңыга өтө албай жаткандык жана тамчылатып сугаруу технологиясы үчүн жергиликтүү, арзан жабдуулардын жоктугу болуп деп өз оюн долбоордун автору, техника илимдеринин кандидаты Рыскул Касымбеков билдирди.

Маалымдама: Кыргызстан суу байлыктары өз аймагында калыптануучу Орто Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат. Орто Азиядагы мөңгүлөрдүн 45% жакыны Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Өлкөнүн жалпы айынтынын 4,1% мөңгүлөр түзөт. Бирок, акыркы убакта мөңгүлөр ыкчам эрүүдө жана бул көрсөткүч 20% төмөндөгөн. Адистердин эсептөөлөрү боюнча 2010-2025 жылдарга мөңгүлөрдүн эришинин натыйжасында суунун көлөмүнүн көбөйүшү жана андан ары суунун 42-20 куб.м. өлчөмүндө азайышы болжолдонууда, бул болсо 2000-жылдагы суунун 44төн 88 пайызга чейинки көлөмүн түзмөкчү.

Бул процесс суу менен камсыз болуусунун танкыстыгын жана жердин асылдуулугунун төмөндөшүн шарттайт жана келечекте олуттуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.