Кыргызстанда Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ИММАК) тогузунчу отуруму болуп өттү

2019-жылдын 6-сентябрында Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ИММАК) тогузунчу отуруму болуп өттү, ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) тармактык кызматташтык органы болуп эсептелет.

Күн тартибинде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо жана сактоо маселелерине тиешелүү болгон 13 актуалдуу тема болду. 2018-2019-жылдары ИММАКнын мүчөлөрүнүн чечими боюнча Кеңештин төрайымы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы Динара Молдошева шайланган.

Кеңеш тарабынан интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо чөйрөсүндө бир катар маанилүү документтер даярдалды жана КМШнын жогорку органдары тарабынан кабыл алынды, алардын катарында мисалы, төмөнкүлөр бар: Контрафактылык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттешүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу, КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик рыногун түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу жана башкалар.

Кеңештин отурумун куттуктоо сөзү менен ИММАКнын төрайымы, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева ачты. “Кеңештин бүгүнкү отурумунда биздин алдыбызда жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдалануунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча КМШнын катышуучу мамлекеттеринин кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору сыяктуу маанилүү жана актуалдуу документти талкуулап жана жактыруу милдети турат. Кеңеште төрагалык кылуу жылдары ичинде биздин өлкөлөрдөгү интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо жана сактоо боюнча маанилүү документтерди алга илгерилетүү боюнча иштер үзүрлүү улантылды. Бүгүн биздин республикабыз төрагалык кылган эки жыл ичиндеги жумуштардын жыйынтыгын чыгарабыз жана Кеңештин мындан аркы ишине жигердүү катышууга жана Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгелерин ар тараптуу колдоого даяр экендигибизди билдиребиз” – деп белгиледи Молдошева.

Куттуктоо сөзү менен КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, Экономикалык кызматташуу департаментинин илимий-техникалык кызматташуу жана инновациялар бөлүмүнүн начальниги Тимур Мансуров чыгып сүйлөдү.

Отурумдун катышуучулары бир катар маанилүү маселелерди карап чыгышты жана чечимдерди кабыл алышты. Жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдалануунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды жана белгиленген тартипте КМШнын жогорку органдарынын кароосуна коюу үчүн КМШнын Аткаруу комитетине аны киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле, Жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдалануунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин кызматташуусу жөнүндө макулдашуун долбоорун Россиянын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик академиясы (РИММА) менен биргеликте жеткире иштеп чыгуу боюнча жасалган иштер жактырылды.

Катышуучу-мамлекеттер өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында ушул чөйрөдө ишти улантуу тууралуу бир пикирге келишти. Регламентке ылайык, кийинки мөөнөткө ИММАКнын төрагалыгына Молдова Республикасынан ИММАКнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Андрей Попа шайланды. ИММАКнын кезетеги кийинки онунчу отурумун 2020-жылы Молдова Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Отурумга Армениянын, Беларусиянын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын интеллектуалдык менчик жаатындагы өкүлдөрү катышууда.

Маалымдама:

Интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш (ИММАК) интеллектуалдык менчикти коргоонун жана сактоонун мамлекеттер аралык тутумун өркүндөтүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча макулдашуунун катышуучу-мамлекеттеринин биргелешкен ишин координациялоо максатында 2010-жылдын 19-ноябрындагы Интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоо жана сактоо жаатындагы кызматташуу жана Интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга ылайык түзүлгөн.

Макулдашууга КМШнын төмөнкү тогуз катышуучу-мамлекеттеринин өкмөт башчылары кол коюшкан: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Украина.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.