Ысык-Көлдө ойлоп табууларды эл аралык патенттөө маселелери талкууланууда

2019-жылдын 5-6-сентябрында Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) тарабынан Евразия патенттик уюму (ЕАПУ) менен кызматташтыкта уюштурулган Патенттик кооперация жөнүндө келишимди (РСТ) өнүктүрүү боюнча аймактык семинар өтүп жатат.

Семинардын жүрүшүндө ИМБДУнун алдыңкы эксперттери РСТнын эл аралык тутуму жөнүндө айтып беришти, ал көп өлкөлөрдө бир өтүнмө берүү жолу менен ойлоп табууну патенттөөгө жана коргоого мүмкүндүк берет, муну менен чыгымдар азаят.

Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева РСТ системасы патенттик өтүнмө берүүчүлөр үчүн жана жалпы коом үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи. Патенттик кооперация жөнүндө келишим өтүнмө ээлерине көп өлкөлөрдө өзүнүн ойлоп табуусун патенттөөгө жардам берет, патенттик ведомстволорго патент берүү жөнүндө чечим кабыл алууга көмөк көрсөтөт жана ойлоп табууларга тиешелүү техникалык маалыматка жетүү мүмкүндүгүн жеңилдетет.

«Акыркы маалыматттарга таянсак, Патенттик кооперация жөнүндө келишимге кошулган өлкөлөрдүн саны тынымсыз өсүүдө жана алардын саны 152ни түзөт. Азыркы мезгилде РСТ системасы ойлоп табууларды чет өлкөлөрдө патенттөөнүн негизги куралы болуп калгандыгын белгилөөгө болот. Эл аралык патенттик система жана ИМБДУнун кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө билимдерди жогорулатуу Кыргызпатенттин эксперттери жана ойлоп табуучулар, изилдөөчүлөр, юристтер, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана ойлоп табууларды чет өлкөлөрдө патенттөө иштерин жүргүзгөн башка адамдар үчүн актуалдуу мүнөзгө ээ”, – деп белгиледи Молдошева.

Улуттук патенттик ведомство РСТга ылайык, алуучу ведомство жана көрсөтүлгөн ведомство катары чыга алат. Биринчи баскычта өтүнмө ээси белгиленген тилдердин биринде алуучу ведомствого өтүнмө берет. Алуучу ведомстволор катары Макулдашуучу мамлекеттердин улуттук патенттик ведомстволору, өкмөттөр аралык уюмдар жана ИМБДУнун Эл аралык бюросу иштөөдө.

Алуучу ведомство эл аралык өтүнмөнү каттайт, текшерет жана эгерде ал коюлган талаптарга ылайык келсе, эл аралык берүүнүн датасын белгилейт жана өтүнмөнү ИМБДУга, ошондой эле эл аралык издөө органына жөнөтөт.

Кыргыз Республикасы 1994-жылдын февраль айынан тартып Патенттик кооперация жөнүндө келишимге катышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды көрсөтүү менен Кыргызпатентке ойлоп табууга патент берүүгө 226 эл аралык өтүнмө келип түшкөн, Кыргызпатент аркылуу 10 өтүнмө берилген.

ИМБДУнун Өткөөл экономикалуу жана өнүгүп жаткан өлкөлөр департаментинин  Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү боюнча секторунун башчысы Илья Грибков бул багыттагы ИМБДУнун жетишкендиктери, өтүнүүчүлөр үчүн жаңы аспаптар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.

Эксперттер РСТ боюнча  өтүнмөлөрдү берүү жол-жобосу менен кеңири тааныштырышты, РСТ системасын пайдалануу маселеси боюнча бир катар практикалык сунуштарды беришти, ошондой эле эл аралык патенттик издөөнүн жана эл аралык алдын-ала экспертизанын өзгөчөлүктөрүнө, өтүнмөлөргө карата талаптарга ж.б. көңүл бурушту.ИМБДУнун эксперттери 10 өлкөдө жүргүзүлүп жаткан кошумча патенттик издөө (өтүнүүчүнүн талабы боюнча) жүргүзүү жөнүндө жана анын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши жөнүндө айтып беришти, бул өз кезегинде катышып жаткандардын аны жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө суроосун жаратты.

Катышуучулар ошондой эле эл аралык издөө жүргүзүү, артыкчылыкка укугун калыбына келтирүү жол-жоболору, лицензиялоо маселелери, эл аралык алымдарды азайтуу, тандалып алынан ведомство катары ойлоп табууларга өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзүү боюнча  тажрыйбасы менен бөлүштү.  Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө РСТни пайдалануу боюнча суроолорду тегерек стол форматында талкуулоо болуп өттү.

Катышуучулар: ИМБДУнун (Швейцария), ЕАПВнын, Армениянын, Азербайжандын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын, Украинанын жана Өзбекстандын өкүлдөрү.

Маалымат иретинде:

Патенттик кооперация жөнүндө келишим (Patent Cooperation Treaty, PCT) — патенттик укук жаатындагы эл аралык келишим, 1970-жылы түзүлгөн. Бир нече өлкөдө укугун коргоо керек болгон учурда ойлоп табууларга укуктук коргоо алууну жөнөкөйлөтүүгө жана арзандатууга багытталган.

Келишим РСТ системасынын негизи болуп саналат, ал өз кезегинде ар бир макулдашкан өлкөдө ойлоп табууларды коргоо үчүн патенттик өтүнмөлөрдү берүүнүн бирдиктүү жол-жобосун камсыздайт. РСТ жол-жобосу боюнча берилген патенттик өтүнмө эл аралык өтүнмө жене РСТ өтүнмөсү деп аталат.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.