Робототехника боюнча ийрим жетекчилери үчүн семинар-тренинг

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – ИММФ) 2019-жылдын 2-6-сентябрына чейин робототехника боюнча ийрим жетекчилери үчүн семинар-тренинг өткөрүүдө.

Семинар-тренингдин ачылышына Кыргызпатенттин алдындагы алдындагы ИММФнун аткаруучу директору У. Сыдыков, Түрк  кызматташтыгы жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы координатору Али Муслу мырза,  “Технолэнд” билим берүү жана спорттук робототехника республикалык федерациясынын жетекчиси А. Сабырова, Ак-Суу, Кадамжай, Талас райондорунун жана Ош шаарынын ийрим жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИММФнун аткаруучу директору У. Сыдыков алгач фонддун ишмердүүлүгүнө токтолуп, анын максаты илимий-техниканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык дараметин бекемдөө, интеллектуалдык менчик объектилерин жаратуу жана колдонуу, өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп кетти.

Ошондой эле семинар-тренинг 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын жана инновациялык өнүктүрүү Концепциясына ылайык, ошондой эле “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында инновациялык-ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердүүлүктү колдоо, аймактардагы таланттуу мектеп окуучуларын аныктоо жана балдардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү, көмөк көрсөтүү максатында өтүп жатканын белгиледи.

ИММФ тарабынан аймактарга робототехника ийримдерин ачуу үчүн техникалык колдоо көрсөтүүгө демөөрчүлөрдү тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп, Түрк  кызматташтыгы жана координация агенттигинин (ТИКА) өкүлчүлүгүнөн колдоо тапкан эле.

У. Сыдыков ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Али Муслу мырзага жер-жерлерге робототехника ийримдеринин ачылышына техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин сөз ТИКанын координатору Али Муслуга берилди. Өз кезегинде ал Кыргызпатент менен кызматташууга кубанычта экенин билдирди. Бул долбоордун өзгөчөлүгү аймактардагы балдардын техникалык-чыгармачылык жактан интеллектуалдык өнүгүшүнө көңүл  бурулган деп айтты. Али Муслу сөзүндө техникалык ийримдин жетекчилери семинар-тренингден билимдерин тереңдетүү менен өз өлкөсүнө пайдасы тийе турган таланттуу балдарды тарбиялап-өстүрүп чыгышарын белгиледи.

Анан “Технолэнд” билим берүү жана спорттук робототехника республикалык Федерациясынын президенти А. Сабырова сүйлөп, сөзүндө интеллектуалдык менчик интеллектуалдык менчик Мамфонд менен кызматташкандарына кубанычта экенин жана робототехника боюнча ийрим жетекчилери 5 күндүн аралыгында билим алышарын ошондой эле мындан ары да биргелешкен иш-чара (олимпиада, мелдеш, сынактар) өткөзүшөрүн айтып өттү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.