«СТАРТАП КЫРГЫЗСТАН» СЫНАГЫНА 300ДӨН АШУУН ӨТҮНМӨ КЕЛИП ТҮШТҮ

2020-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан өткөрүлүп жаткан «Стартап Кыргызстан» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактысы жыйынтыкталды.

Жалпысынан 320 өтүнмө келип түштү, анын 317си жеке жактардан, ал эми 3 өтүнмө юридикалык жактардан. Эскерте кетсек, өтүнмөлөр эч кандай чектөөлөрсүз, экономиканын бардык сектордун багыттары боюнча кабыл алынды. Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, жаңычылыдыгы менен өзгөчөлөнгөн бир стартап долбоорго 500 000 сомго чейин каржылык жардам көрсөтүлөт.

Региондор боюнча болүштүргөндө: Бишкек шаарынан – 137 өтүнмө, Ысык-Көл областынан – 42 өтүнмө, Чүй областынан – 38 өтүнмө, Нарын областынан – 24 өтүнмө, Ош областынан – 30 өтүнмө, Баткен областынан – 21 өтүнмө, Жалал-Абад областынан – 21 өтүнмө, Талас областынан – 7 өтүнмө.

Тармактар боюнча бөлүштүрүү: Өндүрүш – 117; Тейлөө чөйрөсү – 83; Агромаданият – 37; Соода – 28; Билим берүү – 22; IT-технология – 19; Сырьену кайра иштетүү – 14.

Өтүнмөлөрдүн негизги бөлүгү Бишкек шаарынан, келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы санынан 43% түзгөн, ошону менен “Өндүрүш” жана “Агромаданият” тармагына 48%, ошондой эле кызмат чөйрөсүн 26% түзөт.

Кийнки этап акселерациялык программаны өтүү үчүн кандидаттарды тандап алууну көздөйт. Катышуучулар үчүн бизнес-пландоо, питчинг, маркетинг, долбоордун MVPсин түзүү боюнча акысыз окутуу жүргүзүлөт.  Катышуучулардын тизмеги эксперттик Комиссиянын чечими менен түзүлүп, 20-февральга чейин www.patent.kg сайтына, ошондой эле Кыргызпатенттин социалдык тармактардагы төмөнкү баракчаларына жайгаштырылат:

@StartupKyrgyzstan,  @Startup_Kyrgyzstan  @Startup.kg  @Startup.kg.

Ал эми сынактын финалдык бөлүгү 2020-жылдын 21-апрелинде, Бүткүл дүйнөлүк инновациялык ишмердик күнүндө өткөрүлөт. Окуудан өткөн стартапчылар компетенттүү жана көз карандысыз Калыстар тобуна өздөрүнүн долбоорлорун сунушташат. Калыстар тобунун мүчөлөрү болуп бизнес-ангелдер, вечурдук фонддордун өкүлдөрү, техникалык эксперттер жана чакырылган өнөктөштөр, анын ичинде, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн (Грузия, Эстония, Россия ж.б.) куралат.

 2020-жылдын 1-февралына карата келип түшкөн өтүнмөлөрдүн тизмеги  төмөнкү шилтемеде  http://patent.kg/wp-content/uploads/2020/02/%D0%A1%D0%BF%D0%B8%D1%81%D0%BE%D0%BA-%D0%BF%D0%BE%D1%81%D1%82%D1%83%D0%BF%D0%B8%D0%B2%D1%88%D0%B8%D1%85-%D0%B7%D0%B0%D1%8F%D0%B2%D0%BE%D0%BA.pdf

 

Сынактын өнөктөштөрү:

  • «Я инвестирую в Кыргызстан» коомдук бирикмеси,
  • «Business Professionals Network (BPN)» коомдук бирикмеси,
  • «KGLABS» коомдук фонду,
  • «Энактас Кейджи Тимс» коомдук бирикмеси.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.