Бишкекте интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы чараларын колдонуу маселелери боюнча семинар болуп өттү

2019-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана «Русбренд» фирмалык соода маркаларын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы менен биргеликте, Евразия Экономикалык комиссия жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматына караштуу Россия Федерациясынын Бажы кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматташуусунда  интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы чараларын колдонуу маселелери боюнча семинар өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарлардын бажы чегарасын өтүү учурундагы укук бузууларынын алдын алуу жана тыюу салуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу.

Семинар контрафактылык (каракчылык) продукциялардын жайылтылуусу экономикага, калктын саламаттыгына жана байгерчилигине оор коркунуч көрсөткөндүгүнө байланыштуу, интеллектуалдык менчикти коргоонун эң орчундуу маселелерин талкуулоо үчүн дискуссиялык аянтча болуп саналат.

Семинарда ЕАЭБдин алкагында интеллектуалдык менчик объектилерине коргоону камсыздоо жана чек ара аркылуу товарларды өткөрүү учурундагы интеллектуалдык менчик объектилерине укук коргоону камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.

Көпчүлүк учурда бажы кызматтарынын кызматкерлеринин товарлардын түп нускасынын белгилерин аныктоо боюнча билими жана билүүгө мүмкүндүгү болбогондуктан семинардын практикалык пайдасын белгилеп кетүү зарыл. Санофи (дары-дармектер), Леви Страусс (кийм-кече), «British American Tobacco Plc» (тамеки), «Интеллект-Защита» ( «Castrol» жана «Motul» соода маркалары), «Власта консалтинг» («Mazda» жана «WD40»), «Adidas» соода маркасы (кийм, бут кийим) компанияларынын өкүлдөрү катышуучуларды жасалма (контрафактылык) продукцияларды түп нускалуу товарлардан кантип айырмалоо белгилери менен тааныштырышты. Тренинг чегара аркылуу өткөн товарларга түздөн-түз көзөмөл жүргүзүүчү  бажы кызматкерлери үчүн абдан пайдалуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө укук ээлеринин баяндамачыларына бажы кызматкерлеринен көптөгөн суроолор келип түшүп, аларга өз учурунда ынандыруучу жооптор алынды. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар ыраазычылык билдирип, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо маселелери боюнча бажы кызматкерлерин окутуу салтын уландырууну каалашты.

Семинардын ишине Кыргызстандын жана Россиянын бажы кызматтарынын, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бизнес коомчулуктун жана чет элдик укук ээлери катышты.

 

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.