Кыргызпатенттин кызматкери жалпы республикалык “Сабаттуу бол” өнөктүгүнүн жеңүүчүсү диплому менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) кызматкери Өктөм Калыева “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында 2019-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан  өткөрүлгөн жалпы республикалык “Сабаттуу бол” өнөктүгүнүн жеңүүчүсү диплому менен сыйланды.

2019-жылдын 24-майында, А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында жат жазууда эң жакшы баага татыган катышуучуларды сыйлоо аземи болуп, жалпысынан 1000ден ашуун катышуучулардын ичинен 5 алгандардын жалпы саны 63 киши болду (5,7%).

Өнөктүк жат жазуу түрүндө өткөрүлүп, ага республика боюнча ар тармактан – мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катышкан.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.