Окуган бала – өнүккөн Кыргызстан

2019-жылдын 30-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата бир катар министрликтер, бейөкмөт уюмдар жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулган «Окуган бала – өнүккөн Кыргызстан» аптасын жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатент ведомство тарабынан чыгарылган китептерден Чүй облусунун Аламүдүн жана Панфилов райондорунун борборлоштурулган китепканаларынын фонддорун толуктоо үчүн ар бирине 180 китептен белекке берди. Кыргызпатенттин көргөзмө павильонунда иш-чаранын катышуучулары үчүн робототехника, сүрөт тартуу, калыптоо, чий куурчак жасоо боюнча мастер-класстар, викториналар жана конкурстар уюштурулуп, алардын жыйынтыктары боюнча балдарга таттуу белектер жана китептер тартууланды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.