«Автордук укук жана жамааттык башкаруу: Пекин келишими жана башка чакырыктар» темасындагы семинар

2019-жылдын 29-30-апрелинде Кыргызпатент Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен биргелешип, «Автордук укук жана жамааттык башкаруу: Пекин келишими жана башка чакырыктар» темасындагы семинар уюштурду.

Пекин келишими аткаруучуларга алардын аудиовизуалдык жазылып алынган аткарууларына тиешелүү мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктардын бир катарын берет.

ИМБДУга мүчө-мамлекеттердин Пекин келишимине кошулуусу бул өлкөлөргө көп жаатта артыкчылыктарды берет, алардын ичинде экономикалык өнүктүрүү, инвестицияларды өстүрүү, аудиовизуалдык чыгармаларды аткаруучулардын статусун жогорулатуу жана маданий ар түрдүүлүк бар. Учурда келишимге 26 өлкө кошулган, келишимге 30 өлкө кошулганда ал күчүнө кирет.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.