Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк жана улуттук күнүнө арналган эл аралык форум

2019-жылдын 26-апрелинде Кыргызпатентте Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк жана улуттук күнүнө арналган эл аралык форум болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарада Евразия патенттик уюмунун “Патенттик ишти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” В. И. Блинников атындагы алтын медалы тапшырылып, Интеллектуалдык менчик объектилерин мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүү боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында өткөрүлгөн Мыкты эсселер менен мыкты плакаттар республикалык конкурстарынын жыйынтыктары жарыяланды.

Марракеш келишиминин жоболорун ишке ашыруу максатында К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына кыргыз авторлорунун чыгармалары жазылган санариптеги винил дисктер тапшырылып, “сүйлөөчү китептерди” окууга арналган атайын түзүлүштөр – “Соло” ТФП тефлоридерлери адистештирилген мекемелерге тапшырылды.

Эл аралык форумдун алкагында “Ийгиликтүү технопарктар жана мыкты тажрыйбалар” темасындагы тегерек стол болуп өттү, анда технопарктарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, Кыргыз Республикасын инновациялык өнүктүрүүнүн инфратүзүмүн түзүү боюнча технологиялардын, стартаптардын эл аралык трансфери менен катар маселелердин кеңири спектри камтылды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.