Кыргызпатент авторлорду издейт (байланышка чакырат)

Кыргыз Республикасынын автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө  мыйзамдарына ылайык автор анын чыгармасын пайдалануунун ар бир түрү үчүн автордук сый акы алууга укуктуу. Чыгарманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн автордук сый акынын өлчөмү жана эсептөө тартиби автордук келишимде жана авторлордун мүлктүк укуктарын башкаруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан түзүлгөн келишимдерде белгиленет.

Кыргызпатент автордук укук жана чектеш укуктардын колдонуучулары (филармония, театрлар, концерттик аянтчалар, телерадиокомпаниялар, оюн-зоок жайлар, ошондой эле ресторандар, кафе-барлар, караоке ж.б.) менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү иштерин жүргүзөт .

Телерадиокомпаниялар тарабынан берилген отчеттордо эфирде колдонулган ырлардын текстинин жана музыкасынын авторлору, ошондой эле аткаруучу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Кыргызпатент тарабынан чогултулган сый акылар авторлорго, аткаруучуларга жана укук ээлерине бөлүштүрүү жана төлөп берүү үчүн гана пайдаланылат.

Эгерде Сиз Кыргызстандын телерадиокомпанияларынын эфиринде коюлган ырлардын текстинин же музыкасынын автору же аткаруучу болсоңуз, бирок кайсыл бир себептер менен жамааттык башкаруу боюнча өзүңүздүн ыйгарым укуктарыңыз  жөнүндө келишим түзө элек жана  Кыргызпатентке кайрылган эмес болсоңуз, анда Сиздин фамилияңыз аталган тизмеге киргизилип, бирок Сиз жөнүндө маалыматтын жоктугунан сый акыңыз бөлүштүрүлбөй калат.

Кыргызпатенттин автордук укук объектилерин каттоо секторунун адистери Сиздерге келишим түзүү жана каттоо боюнча кеңеш берип, жардам көрсөтөт. Биздин телефон: 0 (312) 68-00-86.

Урматтуу автор, Кыргызпатент жаңыланган (байланыш телефондор, жаңы чыгармалар ж.б.) маалыматтарды берүүнү өтүнөт. Биз издөө салган авторлордун тизмеси шилтемеде:

https://drive.google.com/open?id=1fZSqpaqu2PfxhzvCV7hCSJh11t5sJ5CI

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.