«Товардык белгини каттоонун артыкчылыгы – ишенимдүү, татыктуу, мыйзамдуу» деген темада регионалдык семинардын

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан жарыяланган Интеллектуалдык менчик объектилерин укуксуз пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) «Товардык белгини каттоонун артыкчылыгы – ишенимдүү, татыктуу, мыйзамдуу» аталышында товардык белгилерге укуктук коргоо берүү маселелери боюнча бизнес өкүлдөрү менен окутуу семинары өткөрүлдү.

Семинардын максаты заманбап рыноктук экономиканын шартында товардык белгилердин, тейлөө белгилеринин маанилүүлүгү, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатында мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө региондордо маалыматтуулукту жогорулатуу  болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө товардык белгиге өзгөчө укукту аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү жолу менен гана алууга боло тургандыгы жөнүндө Кыргызпатенттин эксперттери кенен баяндап беришти. Атап айтсак товардык белгинин мамлекеттик катталышы тиешелүү күбөлүк менен тастыкталат, ишкердин бул товарды чыгарууга же кызмат көрсөтүүгө өзгөчө укугу ырасталат. Ошондой эле товардык белгинин мамлекеттик каттоодон өтүүсү ага интеллектуалдык менчиктин объектиси катары өзгөчө укук алуу үчүн керектиги семинардын катышуучуларынын кызыгуусун арттырды.

Семинардын ишине Ош облусунун райондорунан жана шаарларынан 40тан ашык бизнес өкүлдөрү катышып, аларга мыйзамдуу ишкердикти алып баруу жөнүндө жаңы маалыматтарды алууга мүмкүндүк түзүлдү.

Резолюция

Гулбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.