ОШ ШААРЫНДА АВТОРДУК ЖАНА ЧЕКТЕШ УКУКТАР МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТҮ

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан жарыяланган Интеллектуалдык менчик объектилерин укуксуз пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын телерадиоуюмдарынын ассоциациясынын (ТРК Ассоциациясы) колдоосу менен, Ош мамлекеттик университетинде автордук укук жана чектеш укуктар маселелери боюнча бизнес өкүлдөрү менен тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты автордук укук жана чектеш укук мыйзамдарын сактоонун зарылдыгы жөнүндө региондордо маалыматтуулукту жогорулатуу жана жайылтуу, ошондой эле автордук укук жана чектеш укук объектилеринин колдонуучуларын, тактап айтканда театрларды жана ТРК чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын сактоо ниетинде үндөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Маданият министрлиги, Маалымат жана туризм министрлиги жана Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү докладдарын баяндашты.  Андан тышкары Ош жана Жалал-Абадтын театрларынын, телерадиокомпанияларынын өкүлдөрү, жазуучулар жана укук ээлери катышты.

Кыргызпатент чыгармаларды пайдаланууда лицензиялык келишимдерди түзүү, так отчеттуулукту жүргүзүү жана алардын авторлорун белгилөөдө кызматташуга чакырат. Мамлекеттик бийлик органдары бул жаатта макулдашылган алдын-алуу иш-чаралары боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүп, анын менен бирге аймактарда да автордук укук жана чектеш укук тармагында укук бузууга жол бербөө керек экенин белгилей кетүү керек.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды:

 

Резолюция

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.