Бенефициарлардын илим, адабият жана искусство чыгармаларына жетүүсүн камсыздоо

2019-жылдын 26-мартында Кыргыз Республиасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Кыргызстандын китепканаларынын маалыматтык бирикмеси” (КМБ) менен биргеликте “Бенефициарларга илим, адабият жана көркөм чыгармаларына жетүүсүн камсыздоо” аталышындагы тегерек стол өткөрүштү.

Тегерек столдун максаты – Марракеш келишиминин алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын басма маалыматтарды кабыл алуу үчүн адабий, илимий жана көркөм адабияттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча практикалык маселелерди талкуулоо.

Кыргызпатент интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжалары боюнча укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары мыйзамдарды сактоо жана укук ээлеринин автордук гонорар менен адилеттүү сыйлоону көздөйт. “Марракеш келишимине ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жаңы чыгармаларга жана билимге ээ болушу үчүн, авторлор жана басып чыгаруучулар чыгармаларынын эркин көчүрмөсүн берүүгө тийиш”,- дейт Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева.

КМБ Ассоциациасынын президенти Роза Султангазиева республика боюнча 1000ден ашуун көрүү жөндөмдүүлүгү начарлар бар деп белгилей кетти. Ал мааалыматтык жардам көрсөтүү, ассоциация тарабынан ишке ашырылып келе жаткан билим берүү долбоорлор жана Брайль арибиндеги китептер жок экендиги тууралуу айтып кетти. “Атайын адабияттар жетишсиздиги боюнча, эркин жеткиликтүүлүк боюнча бир катар проблемалар бар, бул маселелерди пандустарды коюуудан жана ар бир жарандын катышуусунан баштоо керек”,- деп билдирди Султангазиева.

Бул категориядагы адамдарга өлкөдөгү бардык китепканаларда илимий жана көркөм чыгармаларды жеткиликтүү кылуу маселелери үзгүлтүксүз Кыргыз Респубикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинде көтөрүлүп, күн тартибинде турарын министрликтин өкүлү өз баяндамасында билдирди. Көрүү жөндөмдүүлүгү начар балдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мектеп жана интернаттарды атайын адабияттар менен камсыздоо тууралуу Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги жана эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү айтып беришти. Алардын маалыматына ылайык,  республика боюнча сокур жана начар көргөн балдар үчүн атайын эки мектеп бар жана бүгүнкү күндө бул мектептерде 359 бала билим алат.

Сокурлар үчүн атайын адабияттарды басып чыгуу жана атайын куралдар боюнча маселелеринин көйгөйлөрү тууралуу “Феномен” фондунун президенти Искендер Султаналиев жана Кыргыз Республикасынын сокур жана начар көргөндө үчүн китепканасынын директору Жумабай Исмаиловтор сүйлөштү.

И.Султаналиев бул багытта ийгиликтүү жүзөгө ашырылган “Шаг к прозрению”,  “Говорящая книга”, “Узнавать мир с закрытыми глазами” долбоорлору, ошондой эле Сокур жана начар көргөн балдар жана жаштар арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча долбоору туурулалуу айтып берди. Өз кезегинде, Ж.Исмаилов Коомдук телерадиоберүү корпорациясына караштуу (КТРК) “Алтын Казына” фондунун радио спектаклдарынын көчүрмөлөрүн берүү боюнча маселелерди кылдаттык менен чечкендиги жана кунт коюп мамиле жасагандыгы үчүн Кыргызпатенттке ыраазычылыгын билдирди. “Кыргызпатенттин жардамы менен биздин китепкана 4,8 ГБ көлөмүндө аудио жаздыруу алды, ошондой эле КТРКнын фонду жаңы чыгармалар менен толуктоого мындан ары да жардам берет деп ишенебиз”,- деп өз сөзүндө билдирди Исмаилов.

Жоолугушуунун маанилүү натыйжаларынын бири бул сокур жана көрүү жөндөмдүүлүгү начар адамдарга дүйнөнүн түстөрүн китеп аркылуу көрүүгө жардам берүү үчүн авторлордун китеп басмаканалары менен кызматташууга даяр экендиги болду.

Тегерек столдо мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана жогорку окуу жайлардын китепканаларынын өкүлдөрү жана жетекчилери – КМБ мүчөлөрү, сокур жана начар көргөндөрдүн, майыптардын укуктарын коргогон уюмдар, юристтер жана басмаканалардын өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн:

2013-жылдын 27-июнунда Марракеш шаарында (Марокко) болуп өткөн дипломатиялык конференциянын алкагында “Начар көргөн же башка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жарыкка чыккан чыгармаларда басылган маалыматты кабыл алуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу” тууралуу тарыхий макулдашуу кабыл алынган.

Марракеш макулдашуусу келишим түзүүчү тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына чектөөлөр жана автордук укук ээлерин чыгаруу аркылуу сокур жана көрүү жөндөмдүүлүгү начар адамдарга жарыкка чыккан чыгармаларды жеткиликтүү форматта көбөйтүү жана таратууга мүмкүндүк берүү жоболору киргизилген токтомдорду кабыл алууну талап кылуу менен “китеп ачарчылык” көйгөйүн чечүүгө багытталган.

2017-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын президенти Марракеш макулдашуусуна кошулуу тууралуу мыйзамга кол койуп, ал Кыргыз Республикада 2017-жылдын сентябрында күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы КМШ мамлекеттеринин арасында биринчилерден болуп макулдашууга кошулуп, автордук укук мыйзамына керектүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

Резолюция.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.