Кыргызпатент КРСУнун юридика факультетинин 3-курсунун 70 студенти үчүн сабак өттү

2019-жылдын 12-мартында Кыргызпатент КРСУнун юридика факультетинин 3-курсунун 70 студенти үчүн сабак өттү. Сабактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Б. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россиялык славян университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында интеллектуалдык менчик негиздери боюнча маалымат берүү максатында өткөрүлдү.

Сабактардын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдардын, келишимдердин жана макулдашуулардын обзору, интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо жолдору каралды.

Ю.и.к. Айбермет Кутуеванын жетекчилигинин алдындагы студенттер сабактарда каралган темаларды талкуулоого активдүү катышып, өз пикирлерин айтышышты. Айрым студенттер укук коргоо органдарында жана мамлекеттик мекемелеринде өндүрүш практикасын өтөө үчүн Кыргызпатентти өздөрүнө белгилеп алышты.

КРСУнун профессордук-окутуучу курамы үстүбүздөгү жыл ичинде башка факультеттердин студенттери жана магистрлери үчүн ушул жаатта Кыргызпатент тарабынан өткөрүлүүчү сабактарды улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

 Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.