КӨҢҮЛ  БУРУҢУЗДАР!  СЫНАК!

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  ӨКМӨТҮНӨ  КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК  МЕНЧИК  ЖАНА  ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК  КЫЗМАТЫ

 БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР АРАСЫНДА ЭҢ МЫКТЫ ЭССЕ ЖАЗУУ БОЮНЧА СЫНАК    ЖАРЫЯЛАЙТ

Балдар жана жаштар арасында контрафактылык  продукциялардын  зыяндуулугу жана каракчылыкка терс мамиле түзүү боюнча маалыматты жогорулатуу максатында Эссе сынагы өткөрүлөт.

Эссе сынак 2019-жылдын 1-мартынан 10-апрелине чейин өтөт.

Эссе сынак  эки курактык категорияны камтыйт жана эссе чыгармачыл иш түрүндө жазылып,  сүрөт менен коштолот.

  • категория (10 -17 жашка чейинки куракты камтыйт);
  • категория (18-25 жашка чейинки куракты камтыйт).

Эссе сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызпатент тарабынан баалуу белектер жана Грамоталар менен сыйланат.

Арыздар жана материалдарды төмөнкү дарек боюнча жөнөтсөңүздөр болот:

Бишкек ш., Москва көч.,62 ( конверттин тышына “Эссе сынагына” деген жазуу менен белгиленет, жумуштардын көчүрмөсүн СД диске салып жиберсе да болот же e-mail d.akjol@patent.kg эл.дарегине жөнөтүү керек).

Арыздарды жана эсселерди 2019-жылдын 10-апрелине чейин жөнөтүү керек.

Эссе сынактын жобосу жана тиркемелери Кыргызпатенттин www.patent.kg жана ИМ мамфондунун fund.patent.kg расмий сайттарында жайгаштырылат.

Сынакка жиберилген иштер кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Сынактын жыйынтыгы  ушул жылдын 24-апрель күнүнөн кечиктирилбей чыгарылат жана Кыргызпатенттин www.patent.kg  жана ИМмамфондунун fund.patent.kg расмий сайттарында жайгаштырылат

Маалымат үчүн телефондор: 68-04-71; 0770989808

Жобо

Comments are closed.