2018-жыл үчүн автордук сый акыны жыйноо 10 945 000 сомду түздү

2019-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллеткалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин Президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү.

Күн тартибине ылайык 2018-жылы авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу чөйрөсүндө Кыргызпатенттин бир жылдык отчету берилди. Отчеттук мезгилде автордук сый акыны жыйноо 10 945 000 сомду түздү, ошону менен бирге театрлар боюнча жыйноонун өсүшү 72%ды түздү.

Күн тартибинин кийинки маселеси ээси сурап албаган, үч жылдык мөөнөт өткөн автордук сый акылардын суммасын авторлор арасында бөлүштүрүү маселеси болду, анда 1 193 600 сом сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык бир добуштан ата мекендик авторлорго жана аткаруучуларга пропорционалдуу бөлүштүрүү чечими кабыл алынды.

Отурумдун жүрүшүндө ведомствонун адистери Кыргызпатентти санарипке өткөрүүнүн алкагында автордук сый акылар боюнча пайдалануучудан анык отчетторду алуу жана жыйноо, бөлүштүрүү, төлөө процессин автоматташтырууга өткөрүү боюнча укук ээлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн бетачарын жасашты. Азыркы учурда жаңы технологияларды жайылтуу маселеси эки Кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды, алар тарабынан жарым жылдык мөөнөттө бул багытта аткарылган иштер тууралуу орто аралык отчет тапшыруу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле өлкөбүздүн экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана коомдук өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон улуттук ойлоп табуучулардын, авторлордун жана аткаруучулардын эмгектерин таануу максатында чыгармачылык чөйрөсүндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюумунун Алтын медалын ыйгарууга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө маселе каралды. Көпчүлүк добуш менен Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Асан Жакшылыковдун талапкерлиги жактырылды. Анын чыгармачылыгы жана поэзиядагы жанрынын көп кырдуулугу менен биз анын ырлар, поэмалар жана балдар чыгармалары жыйнагынан таанышпыз.

Көйгөйлүү маселелердин бири болуп радиолордо жана телекөрсөтүүлөрдө автордук ырлардын аткаруучулары тарабынан авторлордун жана композиторлордун ысымдарынын аталбоосу саналат. Авторлор кеңешинин мүчөлөрү аткаруучулар гонорарлардын татыктуу суммасын которбостон, авторлордун интеллектуалдык эмгектерин пайдаланары белгиленди.

Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар кеңешинин мүчөлөрү өсүп келе жаткан муунду идеологиялык тарбиялоого терс таасирин тийгизүүчү музыкалык чыгармалардын сапаты боюнча тынчсыздангандыктарын билдиришти. Бул цензура эмес, бул жаатта маданий өсүштү даңазалоо экендигин алар белгилешти. Ошентип, катышуучулар, Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошевага андан ары биргелешкен чечим кабыл жана аракеттенүү алуу үчүн белгиленген маселени талкуулоо боюнча авторлор, композиторлор, сүрөтчүлөр, маданияттын жана искусствонун өкүлдөрү катышкан иш-чара уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышты.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.