Кыргызпатент Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын жеңүүчүлөрүнүн бири болуп аталды

Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин чоң залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясы тарабынан жарыяланган «Эне тил жана Айтматов»  үч айлыгынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгына жигердүү катышкандыгы үчүн III-даражадагы Диплом менен сыйланды.

Жалпы республикалык масштабда өткөрүлгөн мамлекеттик тилдин үч айлыгы мамлекеттик органдар менен ведомстволордун, ишкана-уюмдардын, акимчиликтердин бул багыттагы жүргүзүп жаткан ургаалдуу иштеринин кароо-сынагы болуп эсептелди.

Иш-чаранын максаты  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө, эң мыкты иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу менен  мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын бекемдөө, рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды, залкар жазуучу, улут сыймыгы Ч. Айтматовдун  чыгармаларын кеңири даңазалоо болуп саналат.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.