Кыргызпатент менен Эл аралык бейтарап соту кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2018-жылы 18-декабрда Кыргызпатент менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап соту кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Эл аралык бейтарап соттун түзүмүнө арбитрлер кирет, Кыргызпатенттин Меморандумунда түзүлгөн шарттар боюнча алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн ушул жаатта интеллектуалдык менчик маселелери боюнча окутууну, тегерек үстөлдөрдү, семинарларды өткөрүүнү жана башка коомдук маанилүү иш-чараларды биргелешип уюштурууну пландаштырат.

Мындан ары Эл аралык бейтарап сот менен кызматташуунун уландысы болуп, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мыйзамдарды түшүндүрүү, ошондой эле арбитрлер аркылуу бизнес-коомдоштуктар жана ишкерлер арасында интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо саналат.

Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын коргоо жана өнүктүрүү маселелерин маалыматтык алга жылдыруу, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасында коргоо документтерин каттоо жана алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында инновацияны өнүктүрүү максатында, кызматташууну мындан ары өнүктүргөн жогорку окуу жайларынын студенттеринин, магистрлеринин жана окутуучуларынын, мамлекеттик ведомстволордун жана башка уюмдардын арасында конок лекциялар системалык түрдө өткөрүлөт.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.