Интеллектуалдык менчикти коргоонун укуктук ченемдерин камсыз кылуу боюнча укуктук негиз жана чаралар

2018-жылдын 2-декабрында Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти коргоонун укуктук ченемдерин камсыз кылуу боюнча укуктук негиз жана чаралар” аталышындагы тегерек стол өткөрүштү.

Кыргызпатенттин кызматкерлери интеллектуалдык менчик тутуму, анын объектилерин укуктук коргоо жана Кыргыз Республикасында өнөр жай менчигинин коргоо жөндөмдүүлүгүнүн маселелери боюнча 1996-жылдан тартып 200дөй даттануулар жана каршы пикирлер келип түшкөн Кыргызпатенттин Аппеляциялык кеңешинин ишмердүүлүгү  жөнүндө айта кетишти. Аталган мезгилде жалпы талаш-тартыштардын 80%нан көбүрөөк түзгөн товардык белгилер боюнча 152 арыздар жана каршы пикирлер  каралган.

Иш-чарага Кыргызпатенттин кызматкерлери, соттор, укук коргоо органдарынын, ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Казахстандык адвокаттар катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.