Кыргызпатентте Кыргызстандын Инновациялык өнүгүүсүнүн сереби боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү

2018-жылдын 13-декабрында Кыргызпатентте акыркы эки жыл ичинде Кыргызстандын Инновациялык өнүгүүсүнүн серебин даярдоого активдүү катышкан эл аралык эксперттер жана консультанттар менен  жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Серепти даярдай баштаган учурдан тартып эки жыл ичинде иштин чоң көлөмү аткарылды, биздин өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнүн абалын талкуулоо боюнча 50дөн ашык жолугушуулар өткөрүлдү. Бүгүнкү күнү улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ылайыкташтырылган көйгөйлүү зоналар жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча сунуштоолор бул Серепте берилген. Анда кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерде ишканалардын инновациялык ишмердүүлүктөрүн кеңейтүүгө илим сыйымдуу старт-аптарды колдоого байланышкан инновациялык чөйрөнү жакшыртууга жана өнүктүрүүгө, экономикалык өнүгүүнүн келечегине сунушталган чаралар жазылган.

Эксперттер Серепте сунушталган көз карандысыз баалардын жана чаралардын жыйынтыгы натыйжалуу болорун жана өлкөнүн экономикасынын инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана жогорулатууга көмөк көрсөтөрүн белгилешти.

 

Comments are closed.