“Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” конференциясы болуп өттү

Ч. Айтматовдун туулган күнүн утурлай, 2018-жылдын 11-декабрында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына арналган “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” конференциясын балдар техникалык-чыгармачылык жана №69 мектеп-гимназиянын окуучуларынын Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган чакан сахналаштыруусу ачты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы Динара Молдошева өзүнүн куттуктоо сөзүндө баштапкы балдар техникалык чыгармачылыкты туруктуу өнүктүрүү бул интеллектуалдык менчик системасынын динамикалык өсүшүнүн жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун  негизги булагы деп белгилеп кетти.

“Таланттуу балдарды мамлекеттик жактан колдоо – өсүп келе жаткан жаш муундун, өнөрлүү жаштардын чыгармачылык жана кесипкөйлүк чеберчилигине дем берүүдө мааниси өтө терең. Кыргыз элинин сыймыктуу уулу жана ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды сүйүп, зор ынтаа менен аткарып берген окуучуларга жана мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Бул бизге дагы бир жолу элибиздин маданиятын, каада-салтын, эне тил менен адабиятыбызды сүйүүгө жана баалоого болгон чакырык”, – деди Молдошева.

20 жылдын аралыгында Интеллектуалдык  менчик мамлекеттик фонду авторлорго, ойлоп табуучуларга, окумуштууларга, маданият жана искусство ишмерлерине материалдык, уюштуруучулук, маалыматтык колдоо көрсөтүп, алардын эмгектеринин жарыяланышына, илимий конференциялардын, семинарлардын өткөрүлүшүнө, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, ишканаларга патенттик маалыматтын жеткиликтүү болушуна, балдар техникалык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө, баштапкы техникалык билим берүү ийримдеринин түзүлүп, кайра жандандырылышына, илимий-техникалык олимпиадалардын, сынактардын өткөрүлүшүнө салымын кошуп келет. Интеллекталдык менчик  мамлекеттик фонду өзүнүн ишмердүүлүгүндө 20 жылдын ичинде ойлоп табуучуларга, авторлорго, маданият жана искусство ишмерлерине 15 миллион сомдон ашык каржылык жардам көрсөттү.

Конференциянын жүрүшүндө салтанаттуу түрдө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен бул тармакта чоң ийгиликке жетишкендиги жана чыгармачылыкка зор салым кошкондугу үчүн “Айтматов ааламы” көргөзмө-сынагынын жеңүүчүсү, жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы Замир Илипов сыйланды. Белгилей кетсек,  интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун биринчи Алтын медалы “Чыгармачылыктагы жетишкендиги үчүн” өз убагында Ч. Айтматовго ыйгарылган болчу.

Жыл ичинде Кыргызпатент тарабынан уюшулган көргөзмө-сынакка республикабыздын бардык аймагындагы жаш сүрөтчүлөрдүн  доор  жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган 120 иши коюлган, анын ичинен Замир Илиповдун иштери өзгөчө орунду ээлеген. “Айтматов ааламы көргөзмө-сынагы жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгына эргүү тартуулоо менен бирге чеберчилигин арттырууга чоң шарт түздү. Жаш сүрөтүчлөрдүн колунан жаралган иштер Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгуубузду, сүйүүбүздү ырастайт. Бул эмгектерде биз жазуучунун каармандарынын мүнөзүн, тиричилигин, кийимдерин көрсөтүүгө аракет кылабыз” – дейт Алтын медалдын ээси З. Илипов.

Конференциянын алкагында куттуктоо сөздөр менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү, КР УИАнын окумуштуулары, белгилүү ойлоп табуучулары, көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, акын-жазуучулар, аймактардагы балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилери да чыгышты. Иш-чаранын катышуучуларынын айтымында, Кыргызпатенттин колдоосу менен республиканын миңдеген окуучулары техникалык-чыгармачылык дүйнөсүнө сүңгүп кире алышты. Ошондой эле Кыргызстандын жаш акын-жазуучуларынын, жаш жаратман менен ойлоп табуучулардын жаш муунун өсүп чыгуусуна мекеменин көрсөткөн жардамы чоң экендигин белгилешти.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.