Дүйшөнбү шаарында Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинин 34-отуруму болуп өттү

2018-жылдын 22-23-октябрында Тажикстан Республикасынын Дүйшөнбү шаарында Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинин (ЕАПУ АК) 34- (кезектеги 25) отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө Административдик кеңештин Күн тартибине киргизилген 10 артык маселелер  каралды. Анын ичинде: ЕАПУнун 2017-жылдын жылдык отчету жактырылды, Евразия патенттик конвенциясынын Патенттик нускамасына жана Евразия патенттик уюмунун Алымдар жөнүндө жобосуна өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилип, бекитилди, ошондой эле кызматташуу жөнүндө бир катар келишимдер макул табылды.

Отурумдун жыйынтыгында Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинин төрагасы болуп бир добуштан Кыргызпатенттин төрайымы шайланды, аны менен келээрки эки жылга ЕАПУ Актин төрагалыгы  Кыргыз Республикасына өттү.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.