Кыргызпатент жана Кыргызстандын Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы каракчылыкка жана башка бирөөнүн товардык белгисин колдонууга каршы күрөшүүнү башташты

2018-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Кыргыз Республикасынын Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Меморандум  теңдик  жана өз ара пайдалуу негизиндеринде Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармагын өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчик укукттарын коргоо жаатындагы өз ара ыңгайлуу узак мөөнөттүү кызматташуу максатын көздөйт.

Өз ара пайдалуу кызматташуунун максаты телерадиоберүү чөйрөсүндө интеллектуалдык менчик укуктарын сактоого үгүттөө, ошону менен бирге   автордук укукту коргоо маселелерин жана башка бирөөнүн товардык белгисин ак ниет эмес  колдонууга бөгөт коюу маселелерин чагылдырууга көмөктөшүү болуп саналат. Кеп интеллектуалдык билимдерди колдонуучулардын жана өндүрүүчүнүн өз ара пайдасы жөнүндө болууда.

“Интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларды алдын алуу жана тыюу маселелери, ошондой эле интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын коргоо маселелеринде натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу дагы да актуалдуу”, – деди документке кол коюу маалында Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева. Ал интеллектуалдык менчик укуктарын сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу зарылдыгын, өлкөнүн негизги социалдык экономикалык куралы катары интеллектуалдык менчиктин коомдогу ролун жана маанисин жайылтууну белгиледи.

Телерадиоуюмдарынын ассоциациясынын төрагасы Авланбек Жумабаев телеберүүдөгү видеоконтенттерди санкциясыз жайылтууну тыюуда жана укук ээсинин уруксаты жок материалдарды колдонууда бирдиктүү аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Кыргызпатент тарабынан буга чейин жарыяланган контрафактылык жана каракчылык продукцияларга, башка бирөөнүн товардык белгилерин ак ниет эмес колдонууга тыюу салуу боюнча акциясын толук колдойбуз”, – деди Жумабаев. Телерадиоумдарынын ассоциациясы ушул жаатагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна карама-каршы маселелерди чагылдырууну уюштурууда ар тараптуу көмөк көрсөтмөкчү.

Гүлбара Кудайбердиева,

 Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.