Улуттук илимдер академиясында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун филиалы ачылды

2018-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун базасында кезектеги 28-чи Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) филиалын  ачты.

ТИКБнын филиалын ачылышынын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институту кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту. Ошондой эле катышуучулар үчүн маалымат базаларында патенттик маалыматты издөө боюнча жана автордук укук маселелери боюнча презентациялар тартууланды. Аталган институттун илимий кызматкери Б. Саякбаева борбордун координатору болуп шайланды. Координатор интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктарын каттоо жана пайдалануу боюнча усулдук жана маалыматтык кеңештерди берет, ошондой эле акысыз патенттик маалымат базаларын колдонуу менен техникалык маалыматтарды издөөгө көмөк көрсөтөт. Интеллектуалдык менчик мамлекетик фонду өз кезегинде ТИКБнын  өнүктүрүү жана анын кызматтарын пайдалануу боюнча кошумча кеңештерди берип окутууларды өткөрөт.

Иш-чарага КР УИАнын өкүлдөрү, институттун илимий кызматкерлери, башка ТИКБнын координаторлору жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

 Маалымдама:

Кыргыз Республикасында ТИКБ  тармактарын түзүү максаттары патенттик жана патенттик эмес маалыматтарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны алуу жолдорун жеңилдетүү, патенттик укук чөйрөсүндөгү билимдерди аймактык деңгээлде жайылтуу.  Борборлор интеллектуалдык менчик тармагындагы эл аралык маалымат ресурстарына кирүүнү акысыз ишке ашырат.

Борборлор өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды чечүү үчүн төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:

  • патенттик маалыматтык кызмат көрсөтүү жана маалымат базаларын издөөнү жүргүзүү боюнча окутуу;
  • интеллектуалдык менчик маселелери боюнча конференция, семинар жана башка иш-чараларды уюштурууда көмөктөшүү;
  • интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдар боюнча жалпы маалымат берүү.

ТИКБнын филиалдарынан илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ойлоп табуучулар жана студенттер интеллектуалдык менчиктин объектилерин колдонууну жана укуктук коргоо маселелери боюнча, ошондой эле технологиянын өнүгүшү, инновациянын алдыга жылышына байланыштуу техникалык жана патенттик маалыматты издөө боюнча кеңештерди алышат. 2012-2018-жылдардын аралыгында ТИКБнын филиалдары жогоруда айтылган маселелер боюнча 3 894 кызмат көрсөткөн.

ТИКБнын ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалымат жана филиалдарынын даректери www.fund.patent.kg сайтында.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.