Москвада ИММАКтын кезектеги 8-отуруму болуп өттү

2018-жылдын 15-октябрында Москвада КМШнын аткаруучу комитетинин колдоосу менен Интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ИММАК) кезектеги 8-отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө интеллектуалдык менчикти коргоо жана башкаруу жаатындагы КМШга катышуучу-мамлекеттердеги иштердин абалы жөнүндө маселелерди, ушул чөйрөдөгү мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды. Андан сырткары 1999-жылдын 4-июнундагы жалган товардык белгилерди жана географиялык аталыштарды колдонууну алдын алуу жана бөгөт коюу чаралары боюнча Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору каралды.

Талкуулоонун соңунда отурумдун катышуучулары Кыргызпатенттин төрагасын Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу өкүлү катары ИММАКтын төрагалыгына кезектеги мөөнөткө кайтадан шайлашты, кезектеги 9-отурумду Бишкекте 2019-жылдын төртүнчү кварталында өткөрүү чечилди.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

 

Comments are closed.