Айыл чарба чөйрөсүндөгү инновациялык долбоорлордун бет ачары болуп өттү

2018-жылдын 12-октябрында Кыргызпатент «Мыкты инновациялык долбоор-2016» конкурсунда тандалып алынган «Үрөн себүүчү комплекс Митал-01», «Кыргыз Республикасындагы кайрак жерлердин шартында күздүк буудайдын жумшак сортторун селекциялоо жана өстүрүү» долбоорлорунун бетачарын өткөрдү.

Бетачардын жүрүшүндө талаанын чет жакасында үрөн себүүчү комплекстин биринчи сыноочу иштери жана буудайдын жаңы сорту айдалды.

«Митал-01» үрөн себүүчү комплекси көп кырдуулугу менен айырмаланат, жердин түшүм берүүчү катмарын оодарбастан айдайт, айдалган жерди тегиздейт, үрөөндү себет, сугаруу үчүн жөөк алып 5-6 жумушту бир аткарат. Дыйкандар жана катышуучулар аталган техниканы сатып алууга кызыкдардыгын билдиришти, маселе өндүрүш өлчөмдөрүндө иштеп чыгуу үчүн инвестицияларды тартууда болуп турат. Долбоордун жалпы наркы 241 600 сомду түзөт.

Кыргыз Республикасындагы кайрак жерлердин шартында күздүк буудайдын жумшак сортторун селекциялоо жана өстүрүү ушул өсүмдүк менен иштөөдөгү селекциялык урук өстүрүүнүн негизги багыты болуп саналат. Долбоордун жалпы наркы 229 000 сомду түздү. Кыргыз Республикасында азык-түлүктү өндүрүүнү жогорулатуу үчүн маанилүү куралы болуп үрөн өстүрүү саналат. Өлкөбүздүн урукка болгон муктаждыгы жылына 90 миң тоннаны түзөт.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.