Балдар техникалык ийрими ойлоп табуучулукка жол ачат

2018-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунда баштапкы билим берүүчү техникалык ийримин ачты. Аталган  ийримде мектеп окуучулары акысыз техникалык баштапкы билим алуусуна шарт түзүлдү.

Белгилеп кетчү жагдай, Кыргызпатент тарабынан буга чейин өлкөбүздүн аймактарында бир катар техникалык ийримдер ачылган. Бүгүнкү күндө ийрим жаш техниктердин чыгармачылыгын колдоо, келечекте мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо максатында Чүй-Токмокто экинчи ирет ачылып жатат. Бул техникалык ийримге Кыргызпатент 50 миң сомдук шаймандарды (фрейзердик, жылмалоочу машиналарды, циркулярдык аараларды ж.б.) белек катары тартуулады.

Иш-чаранын жүрүшүндө мындан ары дагы кызматташтыкты уланта берүү үчүн меморандумга эки тараптуу кол коюу аземи болуп өттү.  Кыргызпатенттин өкүлү Д. Түлөбердиева мектеп окуучулардын жана жаштар арасында ар тараптуу талантын, өнөр-шыгын ойготуп, инженердик-техникалык багыттатагы кесипкөй адис чыгуусуна шарт түзүшүн белгилеп, интеллектуалдык менчик жаатында кеңири түшүнүк бере кетти. Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунун директору Т. Полосина Кыргызстандын жаратмандарын жана ойлоп табуучуларынын жаңы муунун калыптандырууда техникалык ийримдердин ачылышы жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле тартууланган шаймандардын жаңы ачылып жаткан авиамодель ийримине абдан керектигин жана өз учурунда көрсөтүлгөн чоң көмөк экенин белгилеп, Кыргызпатентке ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарага Токмок  шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Чүй райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери,  балдар чыгармачылык борборлору жана ийрим жетекчилери, Кыргызпатенттин кызматкерлери, ММК өкүлдөрү, жалпысынан 60тан жакын адам катышты.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.