МОНГОЛИЯ ПАТЕНТТИК УЮМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) мекеменин төрайымы Динара Молдошеванын Монголия Өкмөтүнүн аткаруучу агенттигинин Интеллектуалдык менчик боюнча уюмунун башкы директору  Ерденесурен Ерденебат баш болгон делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ошондой эле Монголиянын Интеллектуалдык менчик уюмунун өнөр жай менчиги боюнча бөлүм башчысы Урангерен Сумая, Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары Самат Байзаков, Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Өскөнбай Козубаевдер катышты.

Өзүнүн саламдашуусунда Ерденесурен Ерденебат мырза мекемелер аралык эки тараптуу кызматташууну орнотууга кызыкдардыгын жана даярдыгын билдирди. Өз учурунда Динара Молдошева  монгол тарапка кызматташууга кызыгуу арттыргандыгы жана Кыргызпатентке келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, мекеменин ишмердүүлүгү жана аткарылган иш-чаралары менен кенен тааныштырды. Ошондой эле, тараптар интеллектуалдык менчик  жаатындагы  мыйзам чыгаруу базасы менен бири бири менен бөлүштү.

Ошону менен бирге, Бишкек шаарында 2019-жылдын март айында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму менен биргеликте  пландаштырылган жогорку окуу жайларда интеллектуалдык менчик саясаты боюнча белгиленген субрегионалдык семинар жөнүндө төрайым монгол тарапка маалымат берип кетти.  Ерденесурен Ерденебат мырза аталган семинарга өз катышуусун каалагандыгы жөнүндө билдирди.

Андан сырткары, интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү жаатында эки мекеменин келечектеги кызматташуусун өнүктүрүү маселелери каралган. Тараптар кызматташуунун мейкиндиги боюнча багыттарды аныкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда башкы директор Ерденесурен Ерденебат Монголиянын Интеллектуалдык менчик боюнча мекемесине расмий келип кетүүгө Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошеваны чакырды. Динара Молдошева Ерденесурен Ерденебат мырзага чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, мекемелер ортосундагы кызматташууну мындан ары бекемдөөгө үмүт арттырды.

Аталган жолугушуунун жыйынтыгында, монгол тарап жогорку окуу жайларда интеллектуалдык менчик саясаты боюнча пландаштырылган субрегионалдык семинардын алкагында мекемелер ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюну сунуштады.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

 

Comments are closed.