Кыргызпатент электрондук иш кагаздарын айландыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда

2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү мамлекеттик программасын  ылайык, өтүнмөлөрдү жана билдирүүлөрдү каттоо жана кабыл алуу тариздерин бирдиктүү  иштешин камсыздоо максатында Кыргызпатент «Инфоком» Мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «Электрондук иш кагаздарын айландыруу тутумун колдонуу жөнүндө» Келишимге кол коюшту.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында каттоо жана кабыл алуу иштери боюнча Кыргызпатенттин жооптуу кызматкерлери Электрондук иш кагаздарын айландыруу тутуму боюнча Инфокомдун базасындагы окутуу борборунда  даярдоодон өтүштү.

Электрондук иш кагаздарын айландыруу тутумун ишке киргизүү менен иш жүргүзүүдө чыгымдардын кыскартылышы, иш кагаздарын сактоодо жана башкарууда натыйжалуулугунун көтөрүлүшү, иш кагаздарынын аткарылуусу боюнча көзөмөлдүн жогорулашы, кызматкерлердин ишинин өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, маалыматка жеткиликтүүлүктүн жеңилдетилиши күтүлүүдө.

 

Гулбара Кудайбердиева

Кыргызпатенттин пресс-катчысы

Comments are closed.