Женевада кыргыз элинин салттуу билимдери боюнча көргөзмө коюлду

Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева баш болгон мекеменин делегациясы 2018-жылдын 24-сентябрында Швейцариянын Женева шаарында башталган ИМБДУнун  мүчө-мамлкекеттеринин отурмунунун 58-сериясына катышты.

Кыргызпатенттин төрайымы Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик түзүмүнүн дараметин бекемдөө жана ушул жаата көп тараптуу алакалашууну өркүндөтүү максатында дүйнөлүк интеллектуалдык менчик тутумунундагы глобалдуу чакырыктарга арналган пленардык отурмуда конференциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына өз сөзү менен кайрылды.

Иш-чаранын алкагында Женевада жайгашкан дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын, ИМБДУнун мүчө-мамлеккеттеринин Ассамблеясына катышкан 191 өлкөнүн өкүлдөрү жана ИМБДУ тарабынан Кыргыз Республикасын маданиятын, чыгармачылык дараметин жана өлкөнүн артыкчылыктарын   көрсөтүү максатында Кыргызпатент тарабынан даярдалган кыргыз элинин салттуу билимдери боюнча көргөзмө коюлган.

Кыргыз Республикасынын көргөзмөсү «III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» жана «Боз үй» тематикасында өткөрүлгөн. Ошону менен бирге улуттук шардыктар жана боз үйдүн кичи модели кыргыздарджын салттуу билимдери катары коюлган. Андан сырткары «көк бөрү» жана «салбурун» боюнча стенддер коюлуп, катышуучу делегаттарга азем белек катары тыйындар тапшырылды.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү, анда 2019-жылга болгон иш-пландар жана эки тараптуу кызматташуулар талкууланды.

 

Гульбара Кудайбердиева

пресс-секретарь Кыргызпатента

Comments are closed.