Ош шаардык “Мээрим” балдар билим берүү борборунда техникалык ийрим ачылды

2018-жылдын 27-сентябрында  Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)  Ош шаарынын “Мээрим” балдар билим берүү борборунда балдар үчүн баштапкы техникалык билим берүүчү техникалык ийриминин ачылыш аземин уюштурду.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды инновациялык изденүүлөргө, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо, жаш техниктердин чыгармачылыгын колдоо жана аларга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Кыргызпатенттин атынан ийримдин ачылышында балдарга керектелүүчү шаймандар жана техникалык каражаттар тапшырылып, мындан ары кызматташтыкты уланта берүү үчүн меморандумга эки тараптуу кол коюлду.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ЖОЖдордун, балдар чыгармачылык борборлорунун өкүлдөрү, мектеп жана ийрим жетекчилери, Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Гүлбара Кудайбердиева

Comments are closed.