Интеллектуалдык менчиктин натыйжаларын коммерциялык максатта ишке ашыруу жана пайдаланууга киргизүү

2018-жылдын 25-сентябрында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Жалал-Абад шаарындагы К. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин базасында “Интеллектуалдык менчиктин натыйжаларын коммерциялык максатта ишке ашыруу жана пайдаланууга киргизүү маселелери боюнча”  иш-чара уюштурду.

Иш-чаранын максаты мамлекеттик жогорку окуу жайларына жеке интеллектуалдык менчик объектилери боюнча коммерциялык ишмердикти киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү кеңеш-сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Бул жолугушуунун  соңунда катышуучулар төмөндөгүдөй жыйынтыкка токтолушту. Биринчиден, илимий-билим берүү мекемелеринде  интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууну активдештирүү боюнча түшкөн сунуштарды эске алуу. Экинчиден, илимий-билим берүү мекемелеринде  мындан ары интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууну активдештирүү жана ойлоп табуучулук ишмердиктин жигердүүлүгүн арттыруу максатында кызматташуунун жана биргелешип аракеттенүүнүн зарылчылыгын белгилөө.

Аталган иш-чарага  К. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук жамааты, ЖАМУ, анын алдындагы Таш-Көмүр жана Кочкор-Ата колледждери, жана башка окумуштуулар, аспиранттар, ММКлардын жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү катышты.

 

Гүлбара Кудайбердиева

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

 

Comments are closed.