Интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо боюнча усулдук кеңеш-тердин долбоорун талкуулоо

2018-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлкекеттик кызматы (Кыргызпатент) Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде “Интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо боюнча усулдук кеңештердин долбоорун талкуулоо” темасындагы жолугушууну өткөрдү.

Усулдук кеңештердин долбоору интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча авторлорго, дегеле чыгармачыл инсандарга сабаттуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Жолугушуунун максаты – жогоруда аталган усулдук кеңештерди талкуулоо, Кыргыз Республикасынын патенттик системасы, ойлоп табууларды коммерциялаштыруу жана авторлордун интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо алуу маселелери менен тааныштыруу болуп саналат.

Талкуунун жыйынтыгында жогоруда аталган долбоорду мыктылоо боюнча жаңы сунуштар киргизилди.

Иш-чарага ОшТУ, Кыргыз-Өзбек университетинин илимий иштери боюнча проректору М. Исманов, профессордук-окутуучулук жамааты, ОшМУнун профессору Ы. Ташболотов жана башка окумуштуулар, аспиранттар, ММКлардын жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү катышып, өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Гүлбара Кудайбердиева

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Comments are closed.