Салттуу билимдерди укуктук коргоо жана маданиятты салттуу билдирүү боюнча регионалдык семинар болуп өттү

Кыргызстанда III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий багытынын алкагында 2018-жылдын 2-сентябрында салттуу билимдерди укуктук коргоо жана маданиятты салттуу билдирүү боюнча регионалдык семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын түптөлүшүнүн 25 жылдыгына арналган.

Иш-чара жакынкы жана алыскы чет элдик өлкөлөрдүн салттуу билимдеринин ээлерин, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ), Россиянын, Беларусиянын, Азербайжандын, Армениянын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Эстониянын патенттик уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн өкүлдөрүн  бириктирди.

Катышуучулар салттуу билимдерди коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, интеллектуалдык менчик тутумун өркүндөтүү боюнча жолдорун талкуулашты, кылдаттык мамиле менен интеллектуалдык баалуулуктарды сактоо жана аларды арттыруу зарылдыгы жөнүндө айтышты. Ошондой эле алар биримдиктин жана достуктун белгиси катары  көчмөн маданиятынын символу болгон уллутук боз үйдү тигишти.

Орто Азияда биринчилерден болуп Кыргыз Республикасында “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Мыйзам Кыргызстанда салттуу билимдерди сактоо, коргоо жана колдонуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Семинардын катышуучуларына салттуу билимдерди коргоо боюнча мыйзамдарын ишке ашырууда жана өркүндөтүүдө  Кргызстандын тажрыйбасы кызыгуу арттырды. 

Comments are closed.