Кыргызпатенттин 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын иш жыйынтыктары боюнча коллегиясынын отуруму болуп өттү

2018-жылдын 30-июлунда Кыргызпатенттин башчысы Динара Молдошеванын төрагалыгынын алдында мекеменин коллегиясынын кеңитилген Отуруму болуп өттү.

Отурумдун ишине Кыргызпатенттин коллегия мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев, Кыргызпатенттин алдындагы мекемелердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Күндүн тартибине ылайык 2018-жылдын биринчи жарым жылдагындагы аткарылган иштер жөнүндө маалымат угулду, автордук сый акы боюнча дебитордук  бересени төмөндөтүү жана чогултуу, ойлоп табуулар, товардык белгилер жана башка интеллектуалдык менчик объектилерине  келип түшкөн өтүнмөлөр боюнча анализ жүргүзүү   маселелери каралды.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө маалыматты эске алуу чечими кабыл алынды. Ошону менен бирге бир катар эскертүүлөр жана сунуштар айтылып, мекеменин алдыдагы ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тийиштүү тапшырмалар берилди.

Comments are closed.